"Карвинг" же жашылча-жемиштерди кооздоп тууроо өнөрү

"Карвинг" же жашылча-жемиштерди кооздоп тууроо өнөрү

Конок тосордо өзүңүз жакшы билген даамыңызды даярдап алып, “бул мындан башка нерсе билбесе керек дешпейби” деп кабатырлана бересиз. Мындай учурда карвингди жардамчы кылып, даамыңызга өзгөртүү киргизе аласыз. Карвинг – англисчеден которгондо "кесүү", "оюу" дегенди билдирет. Бул өнөр Чыгыш өлкөлөрүндө пайда болуп, алгач темир, жыгач усталар аркалаган. Кийинчерээк бул өнөрдү ашпозчулар да өздөштүрүшкөн. Чындыгында, карвинг бир топ чеберчиликти талап кылат. Ошентсе да биз сиздерге анын эң жеңил түрлөрүн сунуштайбыз. Даамдуу гана эмес, кооз жасалгаланган тамак-ашты конокко тартуулоо – ар бир айымдын кыялы. Эмесе, кыялыңызды ишке ашырыңыз!

 

ЖАШ КАРВИНГЕРДИН ЭСИНЕ:

Карвинг жасоо сизден кылдат жана чыдамкай болууну талап кылат.
Столуңуз өтө бийик жана өтө жапыз болбошу шарт.
Колдонуучу аспаптарыңыз курч болушу зарыл.  Мүмкүн болсо атайын карвинг үчүн арналган бычактарды сатып алганыңыз оң.
Кооздой турган тамак-ашыңыз менен даярдаган жасалгаңыздын түсү, даамы окшош болушу шарт.

 

ЖАШЫЛЧАЛАРДАН ЖАСАЛГАН КАРВИНГДЕР

Жашылчалардын бардык түрүнөн карвинг жасоого болот. Бирок тандап алган жашылчаңыз чоң, таза, жылмакай болушу шарт. Мындай карвингдер менен көбүнесе эттен жасалган муздак тамактарды жана салаттарды кооздоого болот.

 

2

 

Бадыраңдан жасалган гүл.

Бул гүлдү жасоо үчүн бадыраңды узатасынан 1-1,5 миллиметр калыңдыктагы тилимдерге бөлүп алабыз. Андан соң тилимдерди бурап-бурап астыңкы бөлүгүнө бекитип, гүл формасына келтиребиз.

 

3

 

Лотос гүлү.

Аарчылган пиязды тигинен коюп, түбүнө жеткирбестен бир нече бөлүктөргө бөлөбүз. Андан соң муздак сууга салып, акырындык менен катмарларын жазабыз. Эми аны кызылча салынган сууга бир малып алсак, күлгүн түскө боёлот да калат.

 

4

 

Ромашка гүлү.

Помидорду кайнак сууга бир малып алып, аягына жеткирбей бөлүктөргө бөлүп кесебиз. Анан этияттык менен кабыгын сыйрып, кесилген жерге тегерек бадыраңды салып койсок, "гүлүбүз" даяр.

 

5

 

Картошка розасы.

Картошканы аарчып, жууп-тазалап, курч бычак менен калыңдыгын 1-1,5 миллиметрден кылып кесиңиз. Бул розабыздын желекчелери болуп саналат. 1 литр муздак сууга 1 чай кашык туз салып, ага кесимдерди 2-3 саат чылап коёбуз. Буга тиш чукуучу чийлерди да салууну унутпаңыз. Картошканы майга кууруганда чий күйүп кетиши мүмкүн. Эми чийдин жардамы менен кесимдерди бекитип, роза жасап, кызыган майга кууруп коёбуз. Мындай ыкма менен шалгамдан, кызыл кызылчадан да ак, кызыл түстөгү розаларды жасоого болот.

 

6

 

БАЛДАР ҮЧҮН КАРВИНГДЕР

Түрдүү гүлдөр, жаныбарлар менен кооздолгон тамак-аштар кимдин гана көңүлүн бурбасын?! Көңүлдү гана эмес, табитти да ачат. Мындай ыкма менен тамак жебей кежирленген балдарды да тамактандырууга болот. Андыктан балаңыз үчүн карвингдердин түрүн жасоодон эринбеңиз.

 

7

 

МӨМӨ-ЖЕМИШТЕРДИ КООЗДОП КЕСҮҮ

Мөмө-жемиштерди жууп, чоң идишке додо кылып үйүп, ортого коюп коймой – адатыбыз. Эгер ошол мөмөлөрдү туура кесип, табакка кооздоп салып койсок, биринчиден, дасторконубузга өзгөчө көрк кошот. Экинчиден, үнөмдүү болот. Дегеним, 4-5 мөмөнүн түрү менен бир нече табакты толтура аласыз. Үчүнчүдөн, мөмөлөрдүн баарын аарчып- тазалангандыктан, ашыкча таштанды чыкпайт. Мунун бир жаман жери – эрте кесип койсоңуз, кээ бир мөмөлөр кургап, карарып кеткендиги. Андыктан лимондун ширесинен чачып коюуну унутпаңыз.

 

8