Кой союу жана устукандоо (видео)

Кой союу жана устукандоо (видео)

КОЙ СОЮУ

Алгач кыбыланы карап (койду дагы), Жараткандан жакшылык тилеп, бата кылынат. Андан соң койдун башын кыбыланы каратып, буттарын кайчылаштырып, бекем бууйт. Сол колду койдун оозуна салып алдыңкы жаагынан кармап, башын өйдө тартып, күрөө тамырды жана кекиртекти кулактын түбүнөн омурткага чейин кесет. Кан токтогондон кийин моюн омурткадагы жүлүндү бычактын учу менен кесип, мууздалган жердин канын муздак суу менен таза жууп салуу керек. Жүлүн кесилгенден кийин койдун жаны чыкты десек болот. Эми буттарын чечип, терисин сыйруу керек.

 

ТЕРИСИН СЫЙРУУ

koj 1koj 2

 

Адегенде койдун алдыңкы колундагы шыйрак менен кар жиликтин кошулган жеринин ички тарабынын териси кесилет. Бычактын учу менен колдун ич жагындагы терини төшкө карай түз жирөө керек. Экинчи колдун териси да ушундай жол менен жирелет. Эми төштүн ортосунан моюндун териси башты карай тең экиге жирелет. Андан кийин койдун арткы буттарынын терисин да алдыңкы буттардай эле кесип, табарсыкка карай жирөө керек. Курсактын териси киндик аркылуу тең экиге бөлө кесилет. Төштүн терисин кабыргасын көздөй бычак менен бир аз кесип сыйрып, калганын колдун муштуму менен койдун жонуна чейин жиреп сыйрыйт. Экинчи тарабын сыйрууда ушундай эле ыкма колдонулат. Кол менен жирөөдө теринин сыйрылбаган жерлери же эттин майы териге өтүп жатса, бычактын жардамы менен сыйрылып, андан кийин муштум менен жирелет. Терини бычак менен сыйрууну өтө этияттык менен, кеспей жүргүзүү керек. Жеңил, кеспей, кемтиксиз таза сыйруу үчүн кой соёрго чейин ачка, жем-чөп берилбей 10-12 саат кармалышы талап кылынат. Койду ачка кармоодо сууну бере берсе болот. Териси толук сыйрылып бүткөндөн кийин төш менен кабыргалардын бириккен кемирчеги жайгашкан жеринен экиге ажыратылат. Андан соң төштүн кемирчектери аркылуу карын этин бел омурткаларды карай кесет. Бул учурда карын менен ичегилерди жарып албас үчүн бир кол менен ичеги-карынды ылдый басып алуу керек. Ошентип, карын эт менен төш эт бирге чыгарылат.

 

ИЧ ЭТ

Денеден карынды жана ичегилерди ажыратууда алгач кызыл өңгөчтү этияттык менен кекиртектен үзбөй сууруп алабыз. Кызыл өңгөчтү карындан бир карыш жогору жеринин сырткы катмарын тегерете кесип, кесилген жерди бир аз чоюп, ошол жеринен түйүп байлоо керек. Бул ичеги-карындагы жем-чөп калдыктары чыгып, этти булгабашы үчүн жасалат. Андан соң карын менен ичегиден ич майды толугу менен ажыратып, карынды өзүнчө бөлүп кесип алуу керек. Карынды ажыраткандан кийин ичегилерди чарага бөлүп салышат да, эзилип кетпеш үчүн муздак суу куюлат. Ичегилерди жоон ичегинин учун кесип ажыратышат. Табарсыкты жарбай, этияттык менен кесип алуу зарыл. Денеден ичеги-карынды алып салгандан кийин бел аркалардын тушунда жыйылган канды кол менен сузуп тазалоо керек. Андан кийин боордон өт ажыратылат. Бычак менен өттүн ичке жагын боордон ажыратып, кол менен тартканда ал ажырайт. Муну аткаруу өтө этияттыкты талап кылат. Эгер өт жарылып кетсе, анын уусу этке сиңип, жараксыз кылышы толук мүмкүн. Өттү алып салгандан кийин өпкөнү, жүрөктү кекиртек менен бирге ылдый тартып, моюндан ажыратышат. Кекиртекти тартуунун алдында аны тегерегиндеги эттен бошотуу керек. Жүрөктү узунунан 1-2 жолу кесип, андагы канды муздак суу менен жууп-тазалайт. Кекиртектин ортосу тиле кесилип, өпкө, жүрөк баканга асылып коюлат. Төштүн кемирчеги алынат.

 

Койдун териси денеден толук сыйрылып, төшү, ичеги-карыны, өпкө-жүрөгү алынгандан кийин эт атайын эреже менен жиликтелет.

koj 3koj 4


Кой этинин жиликтери белгилүү өлчөмдө эти менен чыгарылышына чоң көңүл бурулат.

Эми сандарды ажыратуу куймулчакты жамбаштардын учтарынан бөлүүдөн башталат. Куймулчактын эки жагы көчүгүнөн жамбаштын учун карай кесилет да, жамбаштардын бири-бирине жабышып турган ички тарабы ажыратылат. Ажыратылган учтарын бел аркага такап туруп, ылдый басканда жамбаштардын куймулчактын түбүндөгү учтары бошойт. Бошоп калган учтарынын этин бычак менен кесип, эки сан менен куймулчак өз-өзүнчө бөлүнөт. Сан эттен биринчи жото жилик бөлүнөт. Жото жилик кашка жилик менен жабышып турган туштан муундап кесип ажыратылып, эти кашка жиликти бойлото кесилип алынат. Кесүүнү кашка жиликке эт калтыра жүргүзөбүз. Андан кийин кашка жилик эти менен жамбаштан ажыратылат. Жамбаштын этин орто ченинен туура кесип, андагы көрүнгөн тарамышты сууруп салууну унутпоо керек. Экинчи сан да ушундай жол менен бөлүнөт. Кол эттен биринчи болуп кар жилик күң жиликтен ажыратылат, андан кийин күң жилик далыдан бөлүнөт. Кар жиликтин этин көбүрөөк чыгарышыбыз керек. Далынын учундагы кемирчек сөөккө жармашкан чеги аркылуу кесилип коюлат.

 

 

 

БАШ ЖАНА ШЫЙРАК

Башты жана төрт шыйракты териден кесип алып, куйкалап, тазалоого даярдайбыз. Башты куйкалаганга чейин мууздоосу (кекиртектин учу) алынып, ошол жерге таяк сайылат. Эгерде баш менен шыйрактар жүндүү келсе, аны кайчы менен кыркып алып, андан кийин таза куйкалайт. Башты да куйкалап тазалагандан кийин бузуу керек. Куйкалаган соң башты оозу аркылуу кулактын түбүнө карай кесип туруп, жаактарды тил менен бирге бөлүп алабыз. Ысык суу менен жаактын жана тиштин тегерегин таза жууп, баштын учтуу тиштерин чагып коюу керек.

 

===============================================

=