Билип алыныз...

Билип алыныз...

-Ичеги-карыныңыз тынчыңызды алып, тамак сиңирүүдө кыйналсаңыз - күн сайын алма жеп, байма-бай алма диетасын кармашыңыз керек. Себеби, боор менен ичеги-карын рагын пайда кылган терс клеткаларды жок кылуучу заттар алмада бар.

 

-Кара өрүктүн ширеси кан басымды төмөндөтөт. Ал эми аны ар дайым эртең менен ичип турсаңыз, организмдеги шлактардан арыласыз.

 

-Көз жаш санаа-кайгыны жеңилдетип гана тим болбостон, дарылоочу касиетке да ээ экенин унутпаңыз. Ал денедеги жараат жерлердин карттанышына чоң салым кошот.

 

-Суук тийип калдыбы? Анда, тырмак башындай чили калемпирин бир стакан сүткө кайнатыңыз. Кайнап чыккандан кийин калемпирди алып салып, сүттү ичип алыңыз. Муну уктаардын алдында жасоо пайдалуу.

 

 

-Уйкусу качып кыйналып жүргөндөргө кеңеш: жаңы капустаны кайнатып, мелүүн тарткыча анын буусунан дем алуу жакшы жардамын берет. Кайнатманы андан кийин ичип алсаңыз болот.