Билип алыныз...

Билип алыныз...

Бастырганды билбеген жолду бузат,
Башкарганды билбеген элди бузат.

Кайраттуу - карыса да жаштай,
Кайратсыз жаш болсо да карыдай.

Кара жерди жамандаба, башка кайда барасың,
Калың элди жамандаба, каргышына каласың.

Киши жаманы кирип чыкканча билинет,
өз жаманың өлгөнчө билинбейт.

Күчтүү болсоң жердей бол - баарын чыдап көтөргөн.
Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген.

Өсөөр элдин балдары бири-бирине дос болот,
Өспөс элдин балдары бири-бирине кас болот.

Элиңди жаман көрсөң элге кантип батасың,
Жериңди жаман көрсөң көргө кантип батасың.

"Алайын" деп жутунба, ач көздүктүн белгиси,
"Жулайын" деп умтулба, журт бузаардын белгиси.

Чатак сүйлөп чычаалак - чыр адам дын мүнөзү,
Токтоо сүйлөп жай айткан - сабырдуунун мүнөзү.

Бешиктеги баланын Бек болоорун ким билет,
Карындагы баланын Хан болоорун ким билет.