Билип алганыңыз жакшы

Билип алганыңыз жакшы

Көңүл чөккөндө же чарчаганда

Акыл эмгеги менен иштеген адамдардын мээси тынымсыз иштегендиктен нерв системасын жөнгө салып туруусу керектелет. Ал үчүн: * Эс тутумуңузду жөнгө салып тургуңуз келсе, эс алуу күнүн да пландай билиңиз. * Күн сайын муздак сууга түшүүнү унутпаңыз, башкысы эртең мененки жалкоолуктан арыла аласыз. * Көбүнчө кальцийге бай болгон сыр, жашылча жемиштерди, сүт жана жумуртка менен тамактанууну адатка айландырыңыз. * Эгер кызматыңыз акыл энергияңыздын туруктуулугун талап кылса грек жаңгагы менен балык өзгөчө акылыңыздын бек болушун камсыздайт.

 

Алоэ согу бронхит оорусун айыктырат

Алоэ кадимки үй гүлү катары өстүрүлөт. Дарылыгы өтө баалуу өсүмдүк. Мунун жалбырагын жана сабагын кургатылган түрдө колдонсоңуз болот. Бул үчүн таза сууга кайнатып, дарынын суюктугун даярдап, муну карын, он эки эли ичеги жарааттарына карата ичүү пайдалуу. Андан сырткары аз өлчөмдөгү кайнатмага сары май менен балды кошуп ичсеңиз бронхит оорусуна өзгөчө жардам берет. Аталган өсүмдүктөн тери жарааттарына да мазь даярдап алсаңыз болот. Үй шартында даярдасаңыз: өсүп турган жаш жалбырагын алып, караңгы жерге төмөнкү температурада 12 сутка кармаңыз. Андан соң сууга салып майдалайсыз. Ушундан кийин гана тери жарааттарына айыкканга чейин сүйкөйсүз.

 

Лимон Ангинага дары

Эгер ангинанын жаңыдан пайда болгонун байкасаңыз лимон менен сырды бир учурда чайнап жегениңиз оң. Сиңип кетүү үчүн артынан эч нерсе жебей турууңуз кажет. Мындай ыкманы үч жолу кайталасаңыз жетиштүү болот. Оору күчөп кетсе лимон, бал жана аш калемпирин пайдаланыңыз. Ал үчүн төмөндөгүдөй ыкманы колдоносуз. 2-3 чай кашык балга ушул эле өлчөмдө лимондун согун кошосуз да кызыл калемпирден аз гана өлчөмдө себелеп коёсуз. Дарыны ичкенде көзүңүздөн жаш таамп же тамагыңыз ачышып оорусу ыктымал. Айыгууну көздөсөңүз чыдоого туура келет.

 

Алма-организимдеги туздуулукту тазалайт

Алманы күнүнө эки даанадан жеп жүрсөңүз кан басымыңызды бир калыпта сактап турат. Мындан сырткары суюктугу организмдеги туздуулукту азайтып, алгачкы калыбына келишине өбөлгө болот. Жатаар алдында тишиңизди чукулоонун ордуна алманын согун ичсеңиз өзүңүздү жеңил сезип, тамак жакшы сиңет жана тиштеги калдыктарды чыгарып, тиштин бекем болуусуна таасир берет.

 

Аракечтиктен арыла албай жүрсөңүз

Таң эртең мененки тынчтыкта бак-дарактуу таза аянтчада же арчалуу айдыңда сейилдеңиз. Кулкунуңуз куурап баратса бир стакан тунук суудан жутуңуз да сейилдөөнү кайра улантыңыз. Мындан сырткары бир бөтөлкө коньякка 25 грамм кайыңдын ширесинен жана кабыгынан кошуп, кошулманы үч жума караңгы жерге сактооңуз керек. Эгер коньяк таппасаңыз аракка жасаңыз, ал үчүн кайыңдын ширесинен 100 грамм кошуңуз. Муну эки жума караңгы жылуу жерде сактайсыз. Дарыланууда түшкү тамак алдында гана 30 грамм ичүүңүз кажет. Жогоруда аталган ыкманы туура 1 ай бою үзгүлтүксүз эрктүүлүк менен кайталасаңыз кайгыдан арылууңузга көмөк берет. Мунун натыйжасында ачуу суунун мээңизге таркалып кетүүсүн алдын алган болосуз.