Ат жабдыктары: бөлүнүшү жана жасалыш технологиясы

Ат жабдыктары: бөлүнүшү жана жасалыш технологиясы

Көмөлдүрүк

- ээрдин алдыңкы эки актасына бекитилип, чагарак менен туташып, аттын омуроосуна тартылуучу каттай кайыма же өрмө кайыштан жасалуучу, атты өр таяна бастырганда ат токулгасы артка жыльш кетпеш үчүн тагыла турган ат жабдыгы. Көмөлдүрүктүн бир учу чагаракка бекитилип, экинчи учу сагак менен биригет. Көмөлдүрүктүн узундугу аттын омуроосуна жараша жөнгө салынат. Ээрдин алдыңкы актасына урулуучу шакекче учтуу мыкча аркылуу бекитилет. Ал жузмөгө чакан эки чагарак менен туташат. Көмөлдүрүктүн жүрөкчөсү да кош жүзмөлүү чагарак аркылуу бекийт. Жүрөкчөнүн узундугу 5,5-6 сантиметр, туурасы 2,8-4 сантиметр келет. Ал кайышка үч жеринен шөкөттөлөт. Жүрөкчө бекиген кайыштын учунда 5-7 сантиметрдей сенселген купалары көрк кошуп турат. Көмөлдүрүктун учундагы чачылуу жүрөкчө жүзмөгө чагарак аркылуу байланышат. Анын чекебели да кайыштан чачыланат.

 

Ээр токумдун дагы бир маанилүү бөлүгү - желдик. Ал тердиктин үстүнө коюлат. Ээрдан эки каптыргасына кынала өлчөнүп, эки-үч каттала катуу шырылган, кошогу кайыш кош кийиз. Желдиктин сыртына көбүнчө булгаары капталат. Көчмөн турмушта кыз-келиндер токунуучу ээрге «Булгаары тердик, муз желдик, бурчтарын чеге жылдыздап» деп зергерлер көркөм шөкөттөрдү чөгөрүшкөнү эл оозунда айтылып келет.

 

Ичмек

- аттын жонуна ээр-токумдун эң алдына салынуучу кийизден жасалган ат жабдыгы.

 

Тердик

- ээрдин астына, ичмектин үстүнө салынуучу, унаанын жонун ээрге бастырбай, жонго түшүүчү басымын жумшактоо үчүн колдонулуучу токум. Ал пайдаланылышы боюнча кыз-келиндерге жана эркектерге арналып, булгаары жана кара кийизден жасалат. Тердиктин ичи боз кийизден болот. Кыз-келиндердин тердиги кооздолуп, кыргактары саймаланып, баркыт же манат менен кыюуланып, кундуз бастырылат. Тердиктин мыктысы булгаарыдан тышталат да, эки этегине темирли көчөт сымал чөгөрүп, күмүш жалатылат. Чабылган шөкөттөрдүн формасы тегерек, сүйрү, томпок, иймекей келип, атайын «кууш тумшук», «каркыра канат», «карга тырмак», «мүйүзчө», «кыял» сыяктуу көркөм оюмдар менен кооздолуп жасалат.

 

Ал эми басмайыл

- кайыш жана өрмө аркылуу бүткөрүлүп, токулганы бекитүү үчүн унаанын белинен тартылуучу ат жабдыгынын бир бөлүгү. Басмайылдын бир учунда жазы жез же темир жаа сымал тогоосу болот. Ал ээр-токумга экинчи учундагы так ошондой тогоосуна улаштырылган ичке кайыш боо аркылуу тартылат. Тогоонун ортосу да «жагалмай канаттанып» көркөмдөлүүсү зарыл. Басмайылдын ээр бастыргычы жазылыгы төрт эли кайыштан кыйылат да, уландысы эки метрден ашпаган кош «беш кашка» өрмө же эндей кайыштан болот. Көрпөчөгө басмайыл капжыгадай эки үзүм кайыштан - ак быштан курчалат.

 

AT jabtyktary2

 

Ат жабдыктарынын дагы бир түрү - жүгөн.

Ал жылкынын башына катылат да, орточо жүгөндүн жагы 50-55 сантиметр, тумшугу 40-45 сантиметр болушу керек. Кайыкчылык ыкмасы менен бүткөн ат жабдыктарынын негизги бөлүктөрүнүн (жүгөн, көмөлдүрүк, куюшкан) жазылыгы 3 сантиметрден ашпоого тийиш. Анын ооздугу эки бөлүктөн турат. Эки чагарагы жүзмө аркылуу кайышка тутумдашат. Жүгөндүн кежигесиндеги тогоо жылкынын башынын өлчөмүнө карай узартылып-кыскартылып турат.

 

Тогоо (сагалдырык)

- кайыштын көзчөсүнө бел курдай кирип бекип турган төрт бурчтуу шөкөт. Тогоонун узундугу 8 сантиметр, туурасы 3 сантиметр, ортосундагы олоң тилинин узундугу да ошончо сантиметрге барабар. Катылган жүгөн шыпырылып кетпеш үчүн, алкымдын астына сагалдырык тагылат. Мунун узундугу 30-35 сантиметрдей келет. Ооздук менен жүгөн чагарак аркылуу бекитилет.

 

Жүгөндү кооздоо учүн, маңдайына, эки жаагына (капталына) шөкөттөлгөн топчулар: купа, сагалдырык, анын балдагы жана олоң тили өндүүлөр чөгөрүлөт. Жүгөндүн маңдайында, эки жагында «куналар» чабылат, ал төрт чарчы (2,5-3,5 сантиметр) томпогой кыр чыгарыла чабылган кош шөкөт болуп саналат. Жүгөндүн маңдай купасынын төмөнкү четинде 6,5-7,5 сантиметр чачы, үстүндө 3 сантиметр жүрөкчө болот. Ал эми тизгин - жүгөндүн негизги бөлүгү. Мингичти ийкемдүу башкаруу үчүн, ак кайыштан эни 1,5-2 сантиметрдей, узундугу 220-250 сантиметрдей тилинип, учтары ооздуктун эки жагындагы чагаракка «чаян түйүлүп» байланат.

 

Камчы

- унааны камчыланууга колдонулуучу буюм же ат жабдыгы. Табылгы жана элик сап камчылар болот. Жигиттин камчысынын сабы көк же калай менен курчалып, күмуш менен шакектелет. Аны «бел көк» деп аташат. Ал камчынын сабына төрт, алты, сегиз курдай имерилет. Камчынын кармай турган жерине кызыл, курөң, кара булгаары капталып, ага 7-9 төкмө чачы чыгарылат. Аньтн узундугу 3 сантиметр келип, нукумдай жеринен көзөлүп, ичке кайыштан бүлдүркөн өткөрүлөт. Ат үстундө жүргөндө камчы түшүп кетпеш үчүн, алатта колдун ортонуна илинет. Мындай камчы мыкка, бозүйдүн керегесине илүүгө да ылайыктуу. Камчынын башына калай кадалат. Ал «камчы бөрүк» же «бөрүктүн калайы» делет. Камчынын алаканына көбүнчө кара булгаары капталып, узундугу 3 сантиметр келип, анын 8-10 чачысы болот. Чакан камчынын сабы 42-45 сантиметрдей болууга тийиш. Камчынын өрүмү «түшкүн» деп аталып, 34-36 сантиметрге жетет. Түшкүндү бекитүү чоң чеберчиликти талап кылат. Анын чачысынын алдынан, ортосунан жана учунан өрүмү жанып кетпес үчун, «түшкүн түйүмү» түйүлөт, анын узундугу 2,5-3 сантиметрге барабар болот. Камчы - ат минген адамдын негизги куралы. Камчы сапка кабыгы сыйрылган жыгач жарабайт. Ошондуктан, тобулгуну кабьны менен кошо катырып, андан камчы сап жасашкан.