Акча табуунун кошумча 10 жолу

Акча табуунун кошумча 10 жолу

Акча эч качан көп болбойт, бирок, кирешенин кошумча булагы эч кимге жолтоо болгон эмес. Эгер сиз жумуштан кийинки бош убактыңызда жеке ишкерлик менен алектенем десеңиз, же жумуштан бошоп калып, ылайыктуусун табалбай жүрсөңүз, башка кошумча киреше табуунун жолдорун ойлонуп көрүңүз. Биз сизге азырынча оокат кылуунун кошумча 10 жолун сунуш кылабыз. Бул сунуштарды окуп чыккандан кийин өзүңүздөн бир топ кызыктуу идеялар чыгышы мүмкүн.

 

1-сунуш. Эгер сиз чет тилин билсеңиз, оозеки жана жазуу котормолору менен акча тапсаңыз болот. Алгач, атайын котормо фирмаларынын олчойгон акчаларын көтөрө албаган, анча чоң эмес компаниялардын буюртмаларын (заказдарын) аткарсаңыз болот. Кээ бир компанияларда айрым учурда гана документация же каттарды которуу зарылчылыгы туулуп калат, ошондо ишин бүткөрө салсаңыз болот. Сизде котормочулуктан башка дагы жөндөмүңүз болсо, аны да сунуш кылып көрүңүз. Айталы, сиз юриспруденция тармагын жакшы билесиз, анда ошол тармакка байланыштуу котормочулук иштерди алсаңыз болот.

 

2-сунуш. Балким, сизде атайын программа менен иштей биле турган бухгалтердик билим болсо, сиздин кызматыңыз көп жерге керек. Бир эле мыкты адис 3 же 4 компаниянын отчётторун бүтүргөнүн көрүп жүрөбүз.

 

3-сунуш. Айталы, сизде башкалар билбеген, колунан келбеген жөндөмүңүз бар. Башкалар аны үйрөнүп алуу үчүн сизге акы төлөөгө даяр. Мисалы, кайсы бир чет тилдерин билесиз, теннисти жакшы ойнойсуз, же математика, адабиятты чагасыз. Ошондуктан каалоочуларга репетитор болуп дагы акча тапсаңыз болот.

 

4-сунуш. Адам нансыз деле жашай алат, бирок жаңы, жыты буруксуп бышкан токочтон же кондитер азыктарынан эч ким баш тарткан эмес. Эгер сиз нан жапканды, кекс бышырганды, торт жасаганды билсеңиз, эмне үчүн андан акча тапканга болбосун? Алгач ишти эмнеден баштарын чечип алгандан кийин колуңуздан чыккан таттуу даамды же тамакты тааныштарыңызга ооз тийгизип, ойлорун, кеңештерин угуп көрүңүз, колуңуздан бир нерсе келерин алар да баалашсын. Жогоруда айткан сонун кондитер азыктарын үйдөн эле жасап, кардарларга сунуш кылып көрсөңүз болот, товарыңыз өтө баштаганда акчанын жыты өзүнчө буркурай баштайт.

 

5-сунуш. Азыркы күндө экологиялык таза азыктан жасалган товарларга чоң акча төлөөгө даяр адамдардын саны өсүүдө. Андайлар сиздин тааныштарыңыздын арасынан эле чыгышы мүмкүн. Азыр кошулмасы, боегу жок азык-түлүктөрдү табуу кыйынга туруп калганын билесиз. Үй шартында сыр, сыра, ар кандай салат түрлөрү, кыям, шириндик, суусундуктарды (компот, сокторду) ж.б. даярдоого болот. Мүмкүн сизге анча чоң эмес атайын жабдууларды алууга туура келет. Мисалы, сыра кайнаткан анча кымбат эмес чакан жабдуулар бар.

 

6-сунуш. Ар бир эле той-топур же башка кечелерди уюштурган адам кантип аз эмгек, аз каражат жумшайм деп ойлойт, баары эле акчасын чача бергенди каалабайт. Эгер сиз анча күч, пул жумшабай эле жакшынакай менюсу менен майрамдык үстөлдү жасаганды билсеңиз аны да кесиптештериңизге, тааныштарыңызга сунуштап көрүңүз. Жогорудагы айтылган сунуштарда эске ала турган бир жагдай бар. Ушул кызматтар менен чындап эле туруктуу иштейм десеңиз, анда тиешелүү мамлекеттик мекемелерден уруксат кагазын эле алып коюңуз, анан компойуп иштей бериңиз.

 

7-сунуш. Эгер сиз дрель менен иштегенди, люстра такканды, суу чорголорун оңдогонду билсеңиз ж.б. жөндөмүңүз болсо дем алыш күндөрү «кадимки эркектин жумушун» жасап акча тапканга неге болбосун? Атайын компания, фирмалар олчойгон акчаларды сурап отура беришет, сиз алардан төмөнүрөөк акы сурагандан баштасаңыз, ишти сапаттуу бүтүрсөңүз бара-бара акчанын алдында каласыз.

 

8-сунуш. Азыркы аялдардын көпчүлүгү маникюр жасаганды, чачты көптүрүп (укладка) кооздогонду билишет, айрымдары элде жок таланты, жөндөмү менен өзгөчөлөнөт. Эгер сизде андай шык-жөндөм болсо үйүңүздө эле чачтарач-стилист же маникюр мастеринин ишин аткарып аз эмес акча тапсаңыз болот. Дипломум жок деп кайгырбаңыз, башкысы жумушту сапаттуу, эч кимге окшобогондой жасасаңыз болду, кардарлар сизге эле каттай баштайт.

 

9-сунуш. Эгер сиз хобби катары оюнчуктарды, ар кандай кооздуктарды, аксессуарларды жасап жүрсөңүз аларды да акча табуунун жолуна жумшаңыз. Буюмдун оригиналдуулугу, эч кимди кайталабагандыгы, автордук өзгөчөлүгү болсо аны баалай турган акчалуу адамдар чыгат. Жасаган кол эмгектериңизди алтургай интернетке да жайгаштырсаңыз, сатып алуучулар чет өлкөлөрдөн да табылат, албетте, алар бекер албайт, капчыгыңыз кампаят.

 

10-сунуш. Эгер сиз чындап эле жаныбарларды сүйсөңүз, бакканды, ойнотконду билсеңиз, итке, мышыкка ж.б. жаныбарларга «тарбиячы» болуп акча тапсаңыз болот. Акчалуу, байманалуу кишилер эмгек өргүүгө, узак же кыска мөөнөттүү иш сапарга кеткенде үйүндөгү жаныбарларын акча төлөп, ишенимдүү, жоопкерчиликтүү адамдарга таштап кетүүгө даяр.