Тышкы иштер министрлиги Чүй облусундагы этникалык кыргыздарга көмүр таратат

КР тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында жашаган этникалык кыргыздарга 30 тонна көмүр жана 46 печка таратып берет. Бул тууралуу КырТАГга КР ТИМне караштуу тышкы миграция департаментинин көчүрүп келингендер жана этникалык кыргыздар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Кочкорбаев дүйшөмбү күнү бидирди.

 

«Жардам 46 үй-бүлөнүн арасында бөлүштүрүлөт. Булар 10 жыл аралыгында Тажикстандан мекенине кайтып келген этникалык кыргыздардын үй-бүлөлөрү. Учурда 46 үй-бүлө Ивановка айылындагы мурдагы оорукананын эскилиги жеткен имаратында күн көрүшөт. Аларга брикет көмүр жана атайын мештер берилет», - деп билдирди Кочкорбаев.

 

ТИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, гуманитардык жардам тапшыруу салтанатына тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов, тышкы миграция департаментинин директору Куштарбек Айтматов, «Гуд партнер» коомдук фондунун директору Ким Ок Ель жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат.