ТЭДПнын Мургаб райондук аткаруу комитетинен жардам (сүрөт)

Тажикстан Элдик Демократиялык Партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Абдужаббар Азизинин тапшыруусу менен ТЭДПнын Мургаб райондук аткаруу комитети тарабынан Коронавирус «COVID- 19»-га каршы алдын ала сактануу максатында ТЭДПнын райондук аткаруу комитети- нин эсебинен жакыр үй-бүлөө, майыптар жана 70 жаштан жогорку картаң ата-энелер үчүн антисептиктер борборубуздун көчөлөрү боюна үймө-үй кыдырып колмо-кол берилди.

 

Ошондой эле 21-май күнү рамазан айынын шарапаты үчүн ТЭДПнын Мургаб райондук аткаруу комитетинин төрагасы Ж.Акжаров тарабынан Борбор- дук ооруканабызда эмгектенген 16 врачтын үй-бүлөөсүнө тамак-аш азыктары таркатылды.

 

Ушул эле жолугууда КАТСтын менеджери Таштанов Абдылманап сөз сүйлөө менен Өлкө башчысы, Улут Ажосу, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун биздин районду дайыма көңүлүнүн борборуна алуу менен колдоп, жардам көрсөткөндүгүнө терең ыраазычылык билдирди..

 

Хирург Хуросониев Хуросони ТЭДПнын Мургаб райондук Актаруу комитети дайыма борбордогу ооруканабызды жана доктурларыбызды колдоп жүрөррүн жана иш аракети чоң экендигин белгиледи. Акырында врачтар Койчуманов Эрали, Тойчубекова Жеңишгүл сөз сүйлөп алар да ТЭДПга ыраазычылыктарын билдиришти.

 

tedpnyn-murgab-raionduk-atkaruu-komitetinen-zhardam 1 tedpnyn-murgab-raionduk-atkaruu-komitetinen-zhardam 2
tedpnyn-murgab-raionduk-atkaruu-komitetinen-zhardam 3 tedpnyn-murgab-raionduk-atkaruu-komitetinen-zhardam 4

 

“Сарыкол”-пресс