Панфилов районунда Тажикстандан келген этникалык кыргыздар там салуу үчүн жер тилкелерине муктаж

Panfilov EtkgПанфилов районунда Тажикстандан келген этникалык кыргыздардын көбү турак-жай салуу үчүн жер тилкелерине муктаж. Жакында Панфилов районунун Чалдовар айылында 1993-жылы аскердик чыр-чатак болгон учурда Тажикстандан качкын болуп көчүп келген этникалык кыргыздардын коомдук бирикмеси түзүлдү.

 

Уюмдун максаты — мигранттардын укугун коргоо жана кызыкчылыгын алдыга жылдыруу болуп саналат.

 

 

«Бүгүнкү күндө Чалдовар айылында эле 300 этникалык кыргыз жашайт, алардын ар бир экинчиси жеке турак жайга муктаж. Мындайча айтканда, бир үйдө 3-4 үй-бүлө жашайт, алардын бары эле көп балалуулар — 4төн 9 балага чейин. Мисалы, жакында эле менин 1980-жылы туулган келиним жетинчи баласын төрөдү. Албетте, биз аларды бөлүшүбүз керек болчу, бирокөз алдынча жер тилке алып, там салып берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок», - деп маалымдады этникалык кыргыздардын коомдук бирикмесинин төрагасы Мухтар Байытов.

 

Ал кошумчалагандай, качкындардын дагы бир көйгөйү айрымдары Тажикстандан туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышкан эмес, бул жерде — тарыхый мекенинен да документ беришпейт.

 

М. Байытов билдиргендей, этникалык кыргыздардын үй-бүлөсү айыл чарбачылыктын эсебинен күн көрүшөт, ошондой эле башкалар сыяктуу эле эркек адамдары башка өлкөлөргө акча тапканы да кетишет.