Памирлик кыргыздар билим берүү, медицина жаатындагы жардамдарга абдан муктаж, - ЖК депутаты

Жогорку Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө жакында эле Ооганстандын Улуу-Памир жана Кичи-Памир (Сары-Кол) аймагында жашаган кыргыздардын абалы менен таанышып кайткан депутат Мирлан Бакиров экспедициялык топтун атынан учкай маалымат берүү менен, улутташтарыбызды колдоо иретинде келерки жылдын бюджетинен кошумча каражат кароо сунушунун билдирди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

 

Депутаттын айтымында, 3 миң чамалуу памирлик кыргыз калктуу конуштардан кыйла алыста, 4,5 миң метр бийиктикте жайгашкан өтө кыйын шартта жашап келет. Бөтөнчө билим берүү, медицина жаатындагы жардамдарга абдан муктаж. Кыргыз тараптан жардам берилсе, алардын акыбалы кыйла жеңилдемек. Ал үчүн Кыргызстан коңшу Тажикстан жана Ооганстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү керек.

 

Андан сырткары, М.Бакиров памирлик кыргыздарга медициналык окуу жайларынан квота бөлүү, жатак мектептерде билим берүү, жарандык паспорттор менен камсыз кылуу маселелерине да токтолду. Ошондой эле, ал памирлик кыргыздар менен тез-тез катташып, алакаларды арттыруу, соода-сатык мамилелерин арбытуу зарылдыгын баса белгиледи.

 

Баракелде