Оштогу этникалык кыргыздар жерге муктаж

Ош облусундагы этникалык кыргыздар өкмөттүн атайын токтому чыга электигине байланыштуу жер тилкесин ала албай жатышат. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады. Кара-Суу районунун башкы архитектору Кулназар Жутановдун маалыматына ылайык, 70тей этникалык кыргыздарга Кара-Суу районунун Мады айылынан 18 гектар жерди бөлүп берүү боюнча тийиштүү документтер даярдалып, өкмөткө жиберилген. Бирок бир жылдан бери жооп келе элек.

 

«Биз тараптан бөлүнчү жердин башкы планы, тийиштүү документтер баары даярдалган. Этникалык кыргыздар жер берүү боюнча тынымсыз кайрылып турушат. Бирок биз жооп келе электигин айтып, тим болуудабыз», - дейт К.Жутанов.

 

Булак: Баракелде