Ооган кыргыздарына жардам жеткирилди

MJS KgӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Улуу Памир жана Кичи Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам 5 жүк ташуучу унаага жүктөлүп, 2-ноябрда Ош шаарынан чыккан. Алардан үчөө Улуу, экөө Кичи Памирге жеткирилди.

 

Өткөн апта вице-премьер-министр Камила Талиева ушул маселеге байланыштуу жыйын өткөрүп, ооган кыргыздарына жардам берүү маселесин талкуулаган. Учурда бул аймакта 1200гө жакын кыргыз жашайт. Алардын жашоо-шарты оор экени айтылып келет.