Мургабдан көчүп келген К.Жамилованы Ош мэрия кызматкеринин аялы коркутуп жатканын айтууда

K Jamilova OSHОштогу А.Сүйүнбаев атындагы стадиондун кийинүүчү бөлмөсүндө жашап жаткан Калбүбү Жамилованы мэрияда иштеген кызматкердин аялы Бактыгүл аттуу аял коркутуп 280 миң сом алгам деген тил кат жаздырып алып, эми сотко берип куугунтукка алууда.

 

«Мен Бактыгүл деген кыздан 40 миң сом акча алып кайра карызымды берип кутулгам. Бирок кийин ал мени белгисиз адамдар менен келип унаасына салып алып аэропорт жакка алып барып коркутуп, менден акча алдым деп жаздырып алган. Коркконумдан акча алдым деп жазып бергем. Мени коркутуп эми акчаны өндүрүп алууга аракет жасоодо. Ал кыздын жолдошу Ош шаардык мэриясында иштейт. Менин укугумду коргогон эч ким жок. Милиция кызматкерлери да атайын буйрук менен иш жасап жатышат. Бактыгүл менин үстүмөн арыз жазгандан кийин милиция мени камап, тергөөчүлөр атайын буйрук аткаргандай мамиле жасап жатат. Ал менин үстүмөн милицияга арыз жазгандан кийин иш козголуп, тергелип жатат. Иш сотко жете элек. Бир жылдан бери ушундай коркутуу-үркүтүүдөн арыла албай келе жатам. Бактыгүл мен жокто келип кыздарымы өлтүрөм деп коркутуп кетип жатат», - деди К.Жамилова.

 

Ал эми Ж.Бактыгүл менен байланышканыбызда К.Жамилованы коркутпаганын айтып, алган акчасын кайтарып бербегенден улам милицияга бергенин билдирди.

 

 

 

«Калбүбү менен 10 жылдан бери таанышмын. Ал менден 40 миң сом акча алып кайтарып берген. Кийин бөлүп бөлүп акча алып жүрүп 280 миң сом алган. Бир канча жолу барып акчаны бер деп айтканымда бере албайм деп айтты. Мен акчамды өндүрүп алуу максатында милицияга арыз жаздым. Ал мени жалгандан эле каралап жатат. Бул ишке күйөөмдүн эч кандай тиешеси жок», - дейт Ж.Бактыгүл.

 

К.Жамилова эки баласы менен А.Сүйүнбаев атындагы стадиондун кийинүүчү жайында 8 жылдан бери баш калкалап келет.

 

Ош облусу 30.09.2015