Этникалык кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алууну көздөйт

Et Kg jarandykПаспорт, виза жана каттоо иштери боюнча Жаңы-Жер аймактык бөлүмчөсүнүн кызматкери маалымдагандай, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында 8 ай ичинде 61 этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн кайрылган.

 

Аталган убакыттын аралыгында паспорт, виза жана каттоо иштери боюнча Жаңы-Жер аймактык бөлүмчөсүнө 61 адам кайрылып, топтолгон документтер комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн. Учурда дагы 20 адам комиссиянын кароосу үчүн документтер даярдалууда.


Эске салсак, этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан жарандыкты алууда жеңилдиктер каралган. Алар мурда жашаган жеринен каттоодо жок болуп, бирок Кыргызстанда убактылуу каттоого турууга уруксат берилген.