Депутат К. Иманалиев Памир кыргыздарынын өкүлү менен жолугушту

Vstr dep afg kgЖогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев бүгүн, 17-мартта Памир кыргыздарынын өкүлү Абдумиталип Сражидин уулу менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

 

Жолугушууда Памир кыргыздарынын турмуш шартын жакшыртуу маселелери, аларды Кыргызстанга көчүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышуу болду.

 

Ошондой эле Ооган кыргыздарынын Кыргызстанга келүүсүн жөнөкөйлөштүрүү тууралуу Ооганстан менен келишимди түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Азыркы тапта укуктук базанын жоктугунан улам, Ооган кыргыздарынын балдары Кыргызстанга окууга келе алышпайт.

 

Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев бул маселе комитеттин жакынкы жыйындарында тиешелүү ведомстволордун катышуусунда каралаарын маалымдады. Ал Памирдеги мекендештерге жардам берүү маселелери боюнча Ооганстандын аймагына кирип-чыгууга кеңири мүмкүнчүлүктөрү болгон эл аралык уюмдар менен бирдикте иш алпаруу зарылдыгын кошумчалады.

 

Абдумиталип Сражидин уулу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров менен дагы жолугушмакчы.