Бишкекте “Памирдеги кыргыздар” тууралуу көргөзмө ачылат

Kalak3-ноябрда Бишкектеги Улуттук китепканада “Азаттыктын” журналисти Жаңыл Жусупжандын “Памирлик кыргыздар” көргөзмөсү ачылат. Анда Ооганстандагы жана Тажикстандагы кыргыздардын турмушу баяндалат. Көргөзмө “Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду менен биргеликте уюштурулууда.

 

Жаңыл Жусупжан – радиодокументалист, эл аралык AIB сыйлыктын ээси, фотограф, Кытай, Тажикстан, Түркия жана башка мамлекеттердеги кыргыздардын турмушу, маданияты жана көрүнүктүү инсандар, замандаштарыбыз жөнүндө кыргыз, орус, англис тилдериндеги видео жана фото сюжеттери дүйнөнүн булуң-бурчунда көп кызыгууну жаратып келет.