Өскөнбай Бердибаев: "Аличорум Ак-Балыгың өзгөчө экен"

Өскөнбай Бердибаев: "Аличорум Ак-Балыгың өзгөчө экен"

Аличорум Ак-Балыгың өзгөчө экен, тарыхын мен билбеген нечендеген.

Мазарлуу тоо ташына айланайын Атабай, Алымкулдар мекендеген.

Аличорум Ак-Балыгың өзгөчө экен, мезгилдер карт тарыхтын күүсүн черткен.

Дулдулун минип алып Али жүргөн, Аличорум ыйыктыгын туям сезем.

Аличорум Ак-Балыгың өзгөчө экен, акылмандар жүргөн жер сөзгө чечен.

Пайгамбарлар кадамы тийген өрөөн, кече албастыр Сүмөндү кечемдеген.

Казы бектер сенде өткөн нечендеген...

Аличор Аличор болгону, сан кылымдар болжоду.

Али жүргөнү айтылат, дулдулун минип өткөрүп.

Аличор дейт анда тулан чөп, аралап бассаң көрүнбөс.

Олуя менен Пайгамбар мекен кылган жер экен.

Алтын саптуу күмүш баш түнөк кылган эл экен.

Алтыны менен күмүшү агылып турган жер экен.

Эчендеген эшендер мекендеген жер экен.

Аличордо санап бүтпөгөн баардык тоолор кен экен.

Ал кендерди иштеткен колунан көөрү төгүлгөн илгерки өткөн зер экен.

Аличор айтылуу кенен жер экен.

Аличордон чыккан улуулар, кымча бел кырдач сулуулар.

Аличордон чыккан эрендер, алтын саадак күмүш ээр.

Калтар аткан мергендер Бердибеков Касымдар, Атабай казы асылдар.

Айтылуу Аличор ыйык жер, тоо ташы баары мазарлуу.

Карт тарых турат тастыктап айтылуу алтын дараны.

Аличорум нак алтындан күмүш көп, укпаганга укмуш көп.

Аяк башын эптедим, кең Аличорду эстедим.

Бир эле бардым өмүрдө бирок түбөлүк эстен кетпедиң.

Бүгүнкү күнү Алчорум көөнөрбөгүн, өчбөгүң.

Аличордой ыйык жериңден айланып алыс көчпөгүң.

Сүмөнүн суусун кечип өт, айланайын Ак Балык кадамым сага тийип өт.

Бир эле барган адамга өзгөчөлүгүң сезилет.

Көз салып жакшы карасам касиетин көрүнөт.

Айланайын Аличорум миң ирет таазим миң ирет...

 

Сары-Могол айылы

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.