Тоолордо тоңгон муздун даамын татып, Түнөктөш, жолдош болдук кийиктерге

БИЗ КЫРГЫЗ

Алыска аалам кезип чачылдык биз,

Кыр-кырда кызыл гүлдөй ачылдык биз.

Тарыхка өлбөс-өчпөс из калтырып ,

Таш тоого тамга болуп басылдык биз.


Сур булут тоскон кезде күнүбүздү,

Сүйдүк да жоготбодук тилибизди.

Кыргызбыз! Кыргыз биз! деп кыйыр жондо,

Кылымдап сактап калдык дилибизди.


Кыраңда кыргыз болуп төрөлдүк биз,

Кыйылбай кыйналсак да көбөйдүк биз.

Тагдырда тайгаланып мүдүрүлсөк,

Тоолорду жөлөк кылып жөлөндүк биз.


Асманда жанган сымал чолпон жылдыз,

Алыста ак калпакчан тоолук кыргыз.

Сапарлаш өмүр жолу кайберенге ,

Кыйырга чыйыр салган ошол биз-биз..


Паанектеп Памир тоону мекендеген,

Ак- калпак улуу кыргыз ошол биз-биз!!!


БИЗ ТООЛУКТАР

Үркүтпөй кайберенди бийик белде,

Бүркүттөй уя салдык бийиктерге.

Тоолордо тоңгон муздун даамын татып,

Түнөктөш жолдош болдук кийиктерге.

Жылгада жылжып аккан булак көрдүк,

Жылдарды кылымдарга улап келдик.

Тарыхка из калтырып тоо аралап,

Тагдырга моюн сунуп чыдап көндүк.


Чокуда ай-жылдыздай жарык жанып,

Чогуу биз чагылыштык жарыктанып.

Күнөстө күн жүзүбүз кара-тору,

Тоодойбуз тоо деминен азыктанып.


Күнөстө күн жүзүбүз кара-тору,

Тоодой биз тоо суусунан азыктандык.

Түк өлбөс гигант аска айкелдериң,

Түгөнбөс алтын-күмүш бай кендериң.

Сары-Колум санап айтсам сан жетпеген,

Санжыра-дастан, тоо-таш, сай-көлдөрүң.


Жылдыздар учуп конуп чокусуна,

Шөкөттөп таажы таккан топусуна.

Мургабым миң бир кайрык коштойт шамал,

Муңканып түркүн куштун добушуна.


Түбөлүк бизде өчпөй калчу элес,

Алыста ай-түнөгөн кайкы белес.

Кайрылып катар баскан кайберенге,

Сапарлаш биздин өткөн өмүрүбүз.


Кыйырда калып кеткен эски издер!!!

Кылымга өлбөс-өчпөс дастан тарых!!!

 

toolordo-to-gon-muzdun-daamyn-tatyp 

 

ЫРАҢ-КӨЛҮМ ЫР КАЙРЫК

Суйкайган сулууга окшоп мөлтүрөгөн,

Сыны бар сыр аякта мелтиреген.

Ыраң-Көл ыйык жерим ата-конуш.

Бешигим бакыт үйүм мен түнөгөн.


Томуктай жылдыз жанат таш башында,

Түбөлүк күйүп шамы аскасында.

Айланып кетсем мейли аалам кезип,

Алмашпайм айылымды башкасына.


Ыраң-Көл асыл жерим каректеги,

Ырыма жазылган бир даректери.

Тарыхка тамырлашып өсүп чыккан,

Тагдырды ырга айланткан данектери.


Суйкайган сулууга окшоп мөлтүрөгөн,

Ыраң-Көл ыйык көлүм мелтиреген


ПАМИР ТОО

Табышмактуу терең сырлар жашырган,

Памир тоолор сен жомоксуң жашынган.

Мен да өзүңдүн бир бурчуңда күн күтүп,

Мен да өзүңдүн көлөкөңө жашынгам.


Кокту-колот кум-шагылдуу жолуңда,

Кулач мүйүз кулжа качат жонуңда.

Көркөмүңө көзүм канбай көп жүрдүм,

Булут сүйгөн ак-мөңгүлүү койнуңда.

Дабааныңда дамыктым да күйүктүм,

Далай жедим даамдуу этин кийиктин.

Мен өзүңө ыр арнаймын Памир тоо,

Сен бийиксиң демек мен да бийикмин.


Дабаныңда дамыктым да күйүктүм,

Оо, Памир тоо, сен дүйнөдө бийиксиң.


СҮЙҮҮ

Мен сүйүүдөн жарат алып ок жегем,

Азыр дале айыга элек от денем.

Мен ишенбейм, сүйүү деген жалганчы,

Урган мени жалындаган чок менен.


Мен сүйүүдөн канча жолу алдандым,

Касам ичип шам кармадым, каргандым.

Ошентсем да таштап кетти бозортуп,

Сүйүү деген уясыбы жалгандын.


Мен сүйүүгө канча жолу кабылдым,

Сагынычка, кусалыкка чабылдым.

Ошентсем да бир кайрылып келген жок,

Мен сүйүүгө өмүр бою таарындым.


Сүйүү деген соо койбойт ээ барганды,

Жүрөгүнө сайып коёр канжарды.

Сүйүү деген балдай таттуу уу экен,

Жан дүйнөгө салып кеткен арманды.

 

Өскөнбай Бердибаев

Эркин-Тоо гезити 04.10.22

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.