Кубанычбек Тойчиев: "Мургабым" (ырлар жыйнагы)

Мургабым

Ырлар чыгат,чын жүрөктөн агылып .

Туулган жер жамалыңды сагынып .

Күндөр өтөт, айлар өтөт агылып .

Кусалыктар жүрөктөргө тагылып .


Өмүр өтөт элестери жазылып .

Сары кол деп печеттери басылып .

Турмуш , тагдыр сапарлары жарышып .

Аалам кезүү багытына чачылып .


Кыргыз элим көчмөн кыргыз аталып .

Кытай , Ооган жерлеринен үн салып .

Сары колдон, Ала-Тоого чет өлкөгө жол салып

Чар тараптан кыргызмын деп жар салып .


Азретим колдоп жургон Мургабым .

Артта калды мени өстүргөн жыдарың .

Бир өзүңө арзыбаган ырларым .

Эстен кетпейт улуу сенин сырларың .


Бир өзүңдө балалыгым жыргалым .

Өз койнунда жашап өскөн жылдарым .

Өмүр барат ,өксүу менен кыйналып .

Жашоомдун көркү сенсиң Мургабым .


Сары-Кол

Аруу , таза шыңгыраган булагың.

Аска, зоодон агып тушкон сууларың .

Келберсиген келишимдуу кырларың .

Тоо койнунда толкуп ташкан ырларың .


Ыр бермети чабыттаган куш сымак .

Ой балкытып терең ойго батырат .

Сары колдо улуу тоолор үн салып .

Кайда кеттиң Сары колчум деп чакырат .


Ыр дүйнөсү чалкып жаткан көл сымак .

Жан дүйнөнү терең ойго калтырат .

Сары колумдун санжыралуу сабагы.

Саябандуу күлүк сымал чаптырат .


Аралашып алп тоолорду аралап.

Түшкө кирген Аян сымал чагылат .

Ой тизмеги , ак куу сымал сабалап .

Сары колумдун жамалына азгырат .


Энекем

Жашоодо эмне кымбат Эне кымбат .

Эненин мээримине улуу урмат .

Бейиштин эң төрүнөн орун алган .

Энелер эң кымбатсың асыл сымбат.


Энеке ыйык затсың таазим кылам .

Балам деп балаң үчүн күйүп жанган .

Энеке мееримиңе моокум канбай .

Неберең эне десе ичтен сызам .


Энелер жемиш багы соолубаган .

Жан дүйнөң кереметтүү гүл жайнаган .

Аруусуң ак булуттан чыккан айдай .

Ааламда теңдеши жок асыл задам.


Адамзат

Ай шооласы жарык чачып ааламга .

Сансыз жылдыз ,жымыңдашат асманда .

Тоо үстүндө ак булуттар калкылдап .

Жылып барат көчүн улап жай гана


Таң шүүдүрүм,куланөөк таң атат .

Теребелге көз чаптырсаң жан, жаныбар кыймылда .

Жашоо , турмуш гыбыраган адамзат .

Жашоо ,шамы бүл,бүл жанып түркүн куштар сайрашат .


Күн жылмаят нурун чачып ааламга .

Гөр тирилик шарданына агылып.

Ким, каякка түрлүү жумуш теринүү да изденүү .

Жашоо шарты ушундай да адамзат .

Өмүр

Өмүр дайра кееде толкуп, ташыган .

Мезгил сымак толкундары тартылган .

Турмуш чиркин кееде ызгаар, кееде жай .

Толкун ташып, бойго жеткен боз улан .


Жаштык кезиң жалындаган жаш убак .

Ким , каякка кайсы жолго багыттап .

Өмүр чеги токтой турган бир убак .

Өткөн дооруң кайра келбес ал убак .


Өмүр узап кылдыраган араба .

Күлгүн , курак күлүмсүрөп тее артта .

Узун жолдо ушаланган убакыт .

Улгайуунун чийиринде жол тарта .


Сары колум

Сансыз кылым жашап келген бабалар .

Сары колумда санжыралуу дастандар .

Улуу Кытай, Ооган , жерин жердешип .

Жашап өткөн , жашап келет далайлар .


Узун Таарых окуялар, баяндар .

Өткөн кылым, өткөн далай замандар .

Улуу Памир, Сары колумду мекендеп .

Улуу муун жашап келет байыртан .


Сары колумда касиеттүү сырлар бар .

Кайберени Алтын, күмүш байлыктар .

Сырлуу дуйнө берешендуу, куудул сымал элим бар .

Жылга , жыбыт төрт түлүккө төп келишкен жери бар .


Ыр дүйнөсү жүрөгүмдө кыялап .

Жазып келем ак дептерди сыялап .

Улуу тоого салам айтам Сары колум .

Бар бол элим жаратканга амаанат .


Мен Кыргызмын

Кайдан келдиң кимсиң атым сураба.

Тегим кыргыз, элим кыргыз ак калпагым башымда .

Сары колдо улуу тоодон шаңшыган .

Кыраан кыргыз ,чыгаан кыргыз атым бар .


Улуу таарых сабактарын барактап .

Ачып көрсөң санжыраны аярлап .

Кыргыз кайда,кыргыз кайдан сурасаң .

Айтып берет улуу таарых баяндап .


Сары колдон , Ала тоого жол салган .

Көчмөн кыргыз улуу даңктуу аталган .

Манас баатыр кырк чоросу кошууну .

Кытай, Ооган жергесинде жоо чапкан


Баткен

Мекен коргоо эр азамат колуңда .

Түркүн тагдыр, жашоо турмуш жолуңда .

Улуу сыймык жоокер сенин атың да .

Жоо бетинде, эл четинде мекен коргоо намыста .


Улуу Кыргыз ар намыска бек болгон .

Көк жал бөрү атыңа да төп келген .

Улуу Кыраан бүркүтсүңөр шаңшыган .

Түшүрбөгүн ак калпагың ар намысың башыңдан .


Баткен жери унутулбайт, каргашалуу окуя .

Окко учкан , жараат алган шумкарлар .

Эстен кетпейт жазылат го тарыхка .

Кыргыз эли Ата Эне унутулбайт эч качан .

 

Кубанычбек Тойчиев

Мургаб району Көөнө-Коргон айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.