Таалай Сайназаров: "Сары-Кол"

Таалай Сайназаров: "Сары-Кол"

Кучакташкан чокулары асман, жылдыз, ай менен

Мөңгү ээрип толуп аккан дайра болуп сай менен

Сары Колдун тоолорунан алыс кетбей мекендеп

Чыйыр жолдо катар басып

Жылгалардан жылгага ашып

Түбөлүккө түнөк кылган кайберен


Памир тоосу аска-зоолор, ач бел, куу жон талаалар

Тоолук элге жөлөк болгон тайгаланса таянар

Ыйык тутуп медер кылып улуу тоонун арасын

Бийик ашуу жолу татаал

Болсо дагы шарты катаал

Мекендеген сан кылымдап биздин ата-бабалар


Ак мөңгүлүү тоодо дайым бороон улуп кутурган

Ашууларда токтобогон шамалы кар учурган

Тоо этектеп боз үй тигип төрт түлүгүн багышып

Эч жоготбой тилин сактап

Аздектешип дилин сактап

Кыргыз жашайт ата салтын, ыйык динин тутунган


Ак мөңгүсү чагылышкан күн нуруна жаркылдап

Ак булуттар арааң өткөн арасынан калтылдап

Улуу тоонун кучагында кайберенге тагдырлаш

Ар-намысын бийик тутуп

Ата салтын ыйык тутуп

Тоолук элим жашап келет тоо койнунда сан жылдап


Таалай Сайназаров

Мургаб району

Кара-Көл айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.