А.Жумабаев: «Сары-Колум»

Канча кылым жашаган,

Кадыры бар Сары-Колум.

Тоосу түзү аралаш,

Адыры бар Сары-Колум.

Асылын айтып ырдашка,

Акыны бар Сары-Колум.

 

Тамашалуу күйдүргү,

Мазагы бар Сары-Колум.

Сыйынсаң шыпаа таптырган,

Мазары бар Сары-Колум.

Кышкы суугу кыйнаган,

Азабы бар Сары-Колум.

 

Тоонун башын Тооруган,

Булуту бар Сары-Колум.

Кыргыз тажик аралаш,

Улуту бар Сары-Колум.

Журттан чыккан өзгөчө,

Сулуусу бар Сары-Колум.

 

Түбөлүктүү түгөнбөс,

Мөңгүсү бар Сары-Колум.

Топоз кою жай алган,

Өндүрү бар Сары-Колум.

Кара шагыл көк шибер,

Өң-түсү бар Сары-Колум.

 

Аркар-кулжа аралаш,

Кийиги бар Сары-Колум.

Асман болжоп шаңкайган,

Бийиги бар Сары-Колум.

Чектештирген көп жерди,

Түйүнү бар Сары-Колум.

 

Аска тоолуу түзөңдүү,

Жерлери бар Сары-Колум.

Аркар атып эт берген,

Мергени бар Сары-Колум.

Акылы даана ичи тар,

Элдери бар Сары-Колум.

Уюлгутуп сапырган,

Шамалы бар Сары-Колум,

Кара куурдак каттама,

Тамагы бар Сары-Колум,

Узакка кетсең сагынтар,

Карааны бар Сары-Колум.

 

Сүйлөсө тилден бал тамган.

Чечени бар Сары-Колум,

Күйдүргү сөздүү мыскылчыл,

Эчени бар Сары-Колум.

Төрткө кирип кас турган,

Бечели бар Сары-Колум,

 

Бетегеси буралган,

Төрлөрү бар Сары-Колум.

Too курчанып токтогон,

Көлдөрү бар Сары-Колум.

Толкутуп жүрөк туйлаткан,

Мөлмөлү бар Сары-Колум,

 

Куйкалаган жүзүңдү,

Ысыгы бар Сары-Колум.

Оюн-зоок тамаша,

Кызыгы бар Сары-Колум.

Толукшуган жылдыздуу,

Гүл кызы бар Сары-Колум.

 

Кышкы суугу тоңдурган,

Аязы бар Сары-Колум.

Аралары ат чабым,

Талаасы бар Сары-Колум.

Ырга ыргак кошорго,

Авазы бар Сары-Колум.

 

Күнгөй менен бетме-бет,

Тескейи бар Сары-Колум.

Алоолонткон очокту,

Терскени бар Сары-Колум.

Алла оңдосун ишиңди,

Кел-кели бар Сары-Колум.

 

Абдыкаар Жумабаев

Мургаб району

05.08.99 ж.

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.