Чыгаан жетекчилер эл кызматында

Чыгаан жетекчилер эл кызматында

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Исманов Орозо
(1934-1992)


chygaan-zhetekchiler-el-kyzmatynda 1Исманов Орозо 1934-жылы ТБАО-нун Мургаб районуна караштуу Ак-Жар кыштагында туулган. Улуту кыргыз, би- лими жогору. 1969-жылы Ташкенттеги жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.

Исманов О. 1951-жылы Кызыл-Рабат кыштак советинде мугалим болуу менен эмгек жолун баштаган. Советтик Армиянын катарынан келгенден кийин Мургаб районунун сугат системасында 1957-жылдан техник болуу менен уланткан. 1959-жылдан советтик иштерге; инструктор, жалпы бөлүмдөрдүн башчысы, Мургаб райаткомдун жооптуу секретары болуп иштеген.

Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепти бүтүргөндөн кийин райаткомдо секретарь, райондук партия комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, райондук аткаруу комитетинин председатели болуп иштеген.

1974-жылы Тажикстан Компариясынын Мургаб райондук комитетинин биринчи секретары болуп шайланып 1986-жылга чей ин үзүрлүү эмгектенген.

Исманов О. Тажик ССР Жогорку Советине эки жолу депутат болуп шайланган. Тажикстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө кандидат болгон. Ал Тажикстан КП Тоолуу Бадахшан обкомунун мүчөсү болуп шайланган.

Исманов О. “Ардак Белгиси” ордени менен, медалдар менен сыйланган. Ага “Тажик ССРинин Маданиятына Эмгек сиңирген кызматкер” деген наам берилген.

Исманов О. 1992-жылы дүйнөдөн кайткан.

Урустамов Камал

 chygaan-zhetekchiler-el-kyzmatynda 2

Урустамов Камал 1943-жылы 10 мартта  Мургаб районунун Токтомуш кыштагында туулган. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин 1962-1963-жылдары Киров атындагы колхоздо түрдүү жумушчу, кийин чабан болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.

1963-1966-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1966-1969-жылдары Фрунзедеги Скрябин атындагы айыл чарба институтунун зоотехник факультетин окуп бүтүргөн.

1969-1973-жылдары Киров атындагы колхоздун башкы зоотехниги, 1973-1975-жылдары Киров атындагы колхоздун башкармалыгына шайланган.

1975-1977-жылдары “Кызыл-Чегарачы” колхозунун башкармасы болуп шайланган.

1977-1978-жылдары “Кызыл-Чегарачы” совхозунун директору болуп иштеди.

Урустамов Камал 1978-1988-жылдары Эл депутаттарынын Мургаб райсоветинин райондук аткаруу комитетинин председатели болуп иштеген.

Ал 1988-1990-жылдары агроөнөржай кызматкерлеринин профсоюзунун Мургаб райондук комитетинин председатели болуп иштеген. 1990-1993-жылдары кайрадан Киров атындагы совхоздун директору болуп иштеген.

Урустамов К. бир нече жолу райондук, областтык советтердин депутаты болуп шайланган. Ал КПССтин XXVII съезине делегат болуп шайланган. Юбилейдик медалдар, ардак грамоталар менен сыйланган.

Таштанов Базарбай
(1944-2000)


chygaan-zhetekchiler-el-kyzmatynda 3Таштанов Базарбай 1944-жылы Мургаб районунун Мургаб кыштагында туулган. Улуту-кыргыз. Жогорку билимдүү, Тажик айыл чарба институтун бүтүргөн.

Таштанов Б. эмгек жолун 1968-жылы “Ленин-Жолу” колхозунун башкы экономисти болуу менен баштаган, кийин ошол колхоздун башкармасынын орун басарлыгына шайланган.

1973-1978-жылдары райпландын председатели, Мургаб райаткомунун председатели,

1978-1981-жылдары облпландын председатели,

1981-1987-жылдары облпландын председатели жана облаткомдун председателинин орун басары милдеттерин аткарган.

1987-жылы ТБАОнун элдик контролдоо комитетинин председателдигине бекитилген. 1987-1990-жылдары партиянын Мургаб райондук комитетинин биринчи секретарына шайланган. Ошондой эле Эл депутаттарынын Мургаб райсоветинин председателдигине шайланган.

1987-1992-жылдары Тажик ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.

Таштанов өмүрүнүн акыркы жылдары Сары-Могол айылында жашады.

1981-жылы Тажик ССР Жогорку советинин Указы менен Таштанов Базарбай “Элдердин достугу” ордени менен сыйланган. 2000-жылы дүйнөдөн кайткан.

Абдрахманова Сайра


chygaan-zhetekchiler-el-kyzmatynda 4Абдрахманова Сайра- 1943-жылы 16-февралда Тажик Республикасынын Мургаб районунда жумушчу үй-бүлөсүндө туулган. Мургаб районуна караштуу Ленин азыркы А.Ахмедшарипов атындагы орто мектебин бүтүргөн.

Андан кийин Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп, 1984-1987-жылдары Таш- кенттеги жогорку партиялык мектебин сырттан окуп бүтүргөн.

Эмгек жолун Мургаб районуна караштуу №5 орто мектебинен башталгыч класстын мугалиминен баштаган. 1965-1979-жылдары В.И.Ленин атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим болуп иштеген.

1979-жылдан 1988-жылга чейин райондук аткаруу комитетинин орун басары 1988-1989-жылдары райондук партия комитетинин секретары, 1989-1992-жылдары райондук аткаруу комитетинин төрайымы болуп иштеген.

1967-1992 жылга чейин үзгүлтүксүз райондук советинин депутаты, Республикалык эл депутаттарынын шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Республикалык борбордук партия комитетинин мүчөсү болуп шайланган.

Жогорудагы иштери бааланып “Ардак белгиси” ордени “Эмгек каармандыгы үчүн” медалы, Тажик Республикасынын “Дусти” ордени менен сыйланган. Мындан тышкары көптөгөн грамоталар жана Тажик Республикасынын “Эл агартуунун отличниги” деген наам менен сыйланган.

Азыр ардактуу эс алууда.

Бердибаев Гожо
(1940-2001)


chygaan-zhetekchiler-el-kyzmatynda 5Бердибаев Гожо 1940-жылы 12-май-да Мургаб районунун Көөнө-Коргон кыштагында туулган.

Ал өзүнүн эмгек жолун орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Мургаб райондук маданият бөлүмүндө көркөм жетекчи болуу менен баштап, кийин №1 Ленин атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеген.

1961-жылдан Мургаб райком комсомолунун экинчи, андан кийин биринчи секретары, 1965-1969-жылдары Ташкент шаарындагы жогорку партиялык мектепти аяктап, Тажикстан КПнын Мургаб райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, кийин экинчи секретары болуп шайланган.

1974-1984-жылдары ТБАобластынын Профсоюздар Советинин төрагасы, 1984-1993-жылдары Көөнө-Коргон кыштагындагы Т.Шаимкулов атындагы совхоздо директор болуп, 1992-1994-жылдары Мургаб райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген.

Мургабтагы Россия Федерациясынын 9820-чек ара аскер бөлүгүндө Саясий бөлүмүнүн тарбиялык иштеринин ин- структору болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.

Бердибаев Г. райондук жана областтык КП бюро мүчөсүнө, Эл депутаттарынын райондук жана областтык советтеринде бир нече чакырылыштарында депутат болуп шайланган.

Анын эмгеги өкмөт тарабынан жогорку бааланып “Ардак белгиси” ордени, Тажик ССР Жогорку Советинин Президиумунун “Ардак грамотасы” менен сыйланган. «Райондун ардактуу аксакалы» деген наам ыйгарылган.

Бердибаев Гожо 2001-жылы 20-февралда дүйнөдөн кайткан.

Атабаев Адилбек
(1946-2008)


chygaan-zhetekchiler-el-kyzmatynda 6Атабаев Адилбек Бакирович 1946-жылы Мургаб районунун Мургаб кыштагында туулган.

1964-жылы Ленин атындагы №1 орто мектебин бүтүп эле ветстанцияда ветсанитар болуу менен эмгек жолун баштаган. 1970-жылы тажик айыл чарба институтунун зоотехникалык факультетин бүтүргөн.

1989-1991-жылдары Ташкенттеги политология институтун- да окуган, 1974-1981, 1987-1989-жылдары райондук партиялык жана чарбалык жетекчи кызматтарда иштеген (Мургаб райаткомунун председателинин орун басары – райондук агроөнөр жай бирикмесинин председатели)

1989-жылы ТБАОнун агроөнөр жайынын председатели – облаткомдун председателинин орун басарлыгына бекиген.

1991-1994-жылдары Мургаб районунун айылчарба кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин председатели болуп иштеген.

1994-жылы декабрдан 1997-жылдын июнь айына чейин Мургаб районунун председатели болуп иштеди.

1995-жылдын февраль айынан 2000-жылдын февраль айына чейин Тажикстан Республикасынын Жогорку Мажлисинин биринчи чакырылышында эл депутаты болуп шайланган.

1997-жылдын июль айынан 2001-жылга чейин ТБАОнун облөкмөтүнүн Ош областындагы өкүлү болуп иштеген.

2008-жылы дүйнөдөн кайткан.

Шоджанов Идирис


chygaan-zhetekchiler-el-kyzmatynda 7Шоджанов Идирис 1952-жылы Мургаб районунун Ыраң-Көл кыштагында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.

1968-жылы Ленин атындагы №1 орто мектебин ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин Тажик Мамлекеттик универ. финансы-кредит бөлүмүнө тапшырып, аны 1973-жылы аяктаган.

Эмгек жолун Мургабтагы мамлекеттик банкынын кредит боюнча инспектору болуу менен баштаган.

1977-жылдан 1982-жылга чейин комсомолдук иштерде эң оболу бөлүм башчысы, райком комсомолдун экинчи катчысы, кийин биринчи катчысы болуп шайланган. 1982-жылы Мургаб райондук партиялык комитетинин үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы. 1985-жылдан областтык партия комитетинин парткомиссиясынын инструктору болуп иштеген.

1986-1988-жылдары Ташкенттеги Жогорку партиялык мек- тептин угуучусу.

1988-жылы Областтык партия комитетинин партиялык комиссиясынын председатели, 1990-жылы Мургаб райондук партия комитетинин экинчи секретары болуп шайланган. Ошону менен катар эл депутаттарынын райондук Советинин председатели да болуп шайланган.

1992-1997-жылдары “Шарк” агропромбанкынын Мургабтагы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1997-жылдын 18-июлунан 2007-жылга чейин Мургаб районунун председатели болуп иштеп келген. Тажик Республикасынын Жогорку Мажлисинин экинчи чакырылышында 2000-жылдын март айынан элдик депутат болгон.

2001-жылы Шоджанов Идирис Тажик Республикасынын “Дусти” ордени менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, азыркы күндө «Агроинвестбанкында» жетекчи болуп үзүрлүү эмгектенип жатат.

Тойчиев Майрамбек


chygaan-zhetekchiler-el-kyzmatynda 8Тойчиев М.Т. 1963-жылы 7-ноябрда Мургаб айылында архив кызматчысынын үй-бүлөсүндө туулган.

Райондогу №1 Ленин атындагы орто мектепти 1980-жылы аяктап, Тажик политех. институт. 1989-жылы институтту «автомобиль жолдорун куруучу инженер» адистигине ээ болуп, ийгиликтүү аяктайт.

1983-1985- ж.ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт.

Эмгек жолун ТБАоблустук автомобиль жолдору өн- дүрүштүк башкармасынын долбоорлоо бөлүмүнө инженер иштеп баштайт.

1990-1998-ж.ж. ДЭУ №48 ишканасында башкы инженержана жетекчи, 1998-2000-ж.ж. райондук №26 жол курулуш башкармасынын башкы инженери, 2000-2007-жылдары облустук «Бадахшонрох» бирикмесинин (2004-жылдан облустук транспорт башкармасы) жетекчисинин орун басары болгон.

Эл аралык Көлмө-Каракорум жолунун курулушуна чоң салым кошуп, 2004-жылы «Тажик Республикасынын ардактуу жолчусу» төш белгисине татыктуу болгон. Ал эл депутаттарынын райондук жана облустук мажлистерине депутат болгон.

Тойчиев М.Т. 2007-жылдын февраль айында Тажик Республикасынын Президентинин №127 Жарлыгына ылайык Мургаб районунун Төрагалыгына дайындалат.

Көп өтпөй Тажик парламентинин Мажлиси Миллиге мүчө болгон.

Тойчиев М. Тажикстандын Жазуучулар Союзуна жана Кыргыз Улуттук Жазуучулар Бирлигине мүчөлүккө кабыл алынган тарыхтагы биринчи сарыколдук калемгер болуп саналат.

“Бар бол, Сары кол”, “Кулжа наама” ж.б.китептеринин автору. Тажикстандын кыргыз тилдүү мектептеринде окутулуп жаткан 6-класстын «Тажик элинин тарыхы» деген окуу китебинин котормосу, Сарыколдук кыргыз уздарынын чыгармачылыгы тууралуу 2011-жылы жарык көргөн төрт тилдеги каталогдун тажик тилиндеги версиясы жана “Тажик тили” аттуу колдонмо китеп да анын калемине таандык.

Жоошбаев Мурзабай


chygaan-zhetekchiler-el-kyzmatynda 9Жоошбаев Мурзабай Абилакимович 1966-жылдын 7-декабрында ТБАОнун Мургаб районунун Мургаб айылындатуулган. Мургаб жамаатындагы борбордук №1 Ленин атындагы орто мектептке 1973-жылы 1-класска барып, 1983-жылы ошол мектепти бүтүрүп, андан соң райондук керек-жарак коомунда 1985-жылга чейин эмгектенген.

1985-1987-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин, Волгоград шаарындагы Айыл-чарба жогорку окуу жайына тапшырып, 1992-жылы аталган жогорку окуу жайын бүтүрүп, зоотехник ке- сибинин ээси болгон.

1992-1994-жылдары райондун статистика бөлүмүндө эмгектенип жана кийин жетекчилик кызматка көтөрүлгөн. 1995-1998-жылдары Мургаб райондук айыл чарба башкармасын жетекчиси болуп иштеген.

2002-2011-жылдары Мургаб районунун төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенген.

2011-жылдын январ айынан баштап Тажикстан Президентинин Жарлыгы менен Мургаб районунун төрагасы болуп, азыркы күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

2010-2015-жылдары областтык эл депутаттарынын өкүлү жана 3 жолку райондук эл депутаттарынын депутаты болгон. Азыркы күндө Тажикстан Мажлиси Оли Мажлиси Миллинин мүчөсү.

Бир нече жолку мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Үй-бүлөлүү, 4 перзенттин атасы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 




















Атайын беттердин материалдарын

даярдаган «Сарыкол» гезитинин редактору

Ниязбеков Г.С.

 

«САРЫКОЛ» гезити. июль 2017 № 6

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены