Бука түрүш

Бука түрүш

"Бука түрүш"... Биздин балалык күндөр ушундай кызыктар менен коштолуп өттү. Ар бир желенин (ар жайлоодо) букалары болот. Бир бука отуздан ашык инекти "кайтарат")) гарем. Биз ошол инектерди (ургаачы топоз) желеден агытканда эки жайлоонун топоздорун кошуп жиберип анан букалардын талашын "бой без правил" көрөт элек.

 

Кокуй бел жайлоосунда Эргешбек деген кишинин сары букасы бар эле ошол жайлоолор аралык чемпион болчу. Кийин менин Куштарбек деген досумдун көк кал (мүйүзү жок) букасы экөөнү беттештиргенбиз, экөө үч күн тирешишкен. мүйүздүүгө караганда мүйүзү жок бука күчтүү келет экен.

 

Баягы сары букадан көк кал бука "чорнуй поюсту" тартып алды. Булар бир кыл чайнашса токтотуш кыйын эле. Кыргыз үй (боз үй) пүйүң менен түрүп кетет. Урмактан балее кыл токтобойт, качан бирөөсү качмайын кайтпайт. Бирок жеңилгени эркекче кетет от души кетет.))

 

Анан, бирде Ак-жылганын Маамат жайлоосунан мал айдап кыштоого жөнөгөнбүз Жолдошпай деген жездем ошол жакта жайлоого чыгат эле ошолорду көчүрүп кайтканбыз. Жолдо топоз, уй, кой айдап келе жатып кой майда мал болгондуктан аркада калды Күйгөн өтөк деген жерде биз кара мал менен бат жүрүп бир кыйла алдыда кеткенбиз.

 

Куу мойнок деген ашууну ашканда не себеп болду иши кылып уй бука менен топоз бука сүзүшө кетти эле уй дегениң суукка чыдамы жок болгону менен өтө чапчаң, анан өжөр, кайтпаган, "кыпкызыл" болот экен. А топоз суукту кенебегени менен уй буканын алдында өтө эле палпыс болот.

 

Ошентип "бой без правил" башталды. Карс-курс, дүңк-дүңк деген үн чыгат боз чаң ызгып жатып калды, уй бука топоз буканын ээгинен илип алган экен дырылдатып суруп апарып шилтеп таштады. көздүн үстү менен мүйүздүн асты канап калган. Топоз буканын шайы кетти. Ээги шишип, анын да көзү кан. И баса айтам деп унутуп калыпмын уй буканын мүйүзү кичинекей а топоз буканыкы чоң. Топоз бука әмә колтука бир кирсе поюзун келтирет)) бирок чоң мүйүздү жакшы илештире албайт да. Ошентип анан топоз буканын шайы ооду. Уй бука деле "кеп калды")) бирок топоз бука тап берсе эле чычаңдап барып сазайын бергени турат а топоз бука акырын качып берди.

 

Бой бүттү. Эки бука эки жакта шалдырап буттарын араң шилтеп, баягы согуш кинодогу солдаттар согуш бүткөндөгү абалы барго дал ошондой болуп баратышты. Эркекче уруш болду "заявления" жазышпады, соттошподу))))

 

 

 

Эралы Токтосунов

Мургаб - Ош

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Комментарий

теитбаев

теитбаев

Суббота, 19 Ноября 2016 21:05

Жакшы жазыпсыз

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены