Азиз Улуу - Туркиянын Ван өрөөнүндө отурукташкан оогандык кыргыздардын өкүлү. Азыр Истамбулда британиялык "Баджет" (Budget) саякат фирмасында бөлүм башчысы болуп иштейт. Келинчеги Зуура - кытайлык кызылсуулук кыргыздардан. Сулайман, Харун деген эки уулу бар. Азиз Улууну анын Истамбулдагы эл аралык "Ата Түрк" аба бекетиндеги кеңсесинде Жаңыл Жусубжан сөзгө тартты. Жаңыл Жусубжан: Азиз, силер Ооганстандын Улуу Памиринен кээде кабар алып турат…