Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинин 2-кабатындагы залда көздүн жоосун алган кооз туш кийиздер, шырдактар, килем, шалчалар көргөзмөгө коюлган. Кыргызстан жана Борбор Азиядагы кол өнөрчүлөрдү колдоо боюнча Кристенсон Фон корунун каржылоосунда эки жылдык экспедиция уюштурулган. Анын натыйжасында отуз жылдан бери биринчи жолу музейдин кору кытайлык, түркиялык, улуу памирдик кыргыздардын кол өнөрчүлөрүнүн буюмдары менен толукталды. Бул тууралуу музейдин илимий катчысы…