Эки жылдын ичинде Кичи Памирдеги 2000 адамдын ордуна өлгөндөн калганы 720 гана адам бар болуп чыкты "Кичи Памирдеги Ооган кыргыздарын акыркы 25 жылдан бери башкарып келген Абдрашид хан эли-жерин сагынып, көзүнүн жашын агызып: "Бизди унутпагыла!” – деп узатып кала берген. Андагы кыргыздардын ар бири: "Кыргызстанга барып, беш күн жашап өлсөм, арманым жок эле”, – дегенин угуп, болкулдап ыйлап жибердик.…