|
=1= Сары-Кол дастаны Кең Сары-Кол өрөөнү, аска зоосу, тоолору көк тиреген, Тэз илгертен Манастын урпактары, кыргыз эли мекендеген. Улуттун каада салтын, үрп адатын жоготпой бекем сактап, Жигиттери намысын колдон бербей. кыздары уз кербезденген Ажырагыс, бөлүнгүс, тектүү улуу уруулары кыргызымдын. Кыпчак, найман, тейит, кесек жана башкалары жашап келген. Сары-Колдо ушундай айкөл, көсоөм кыргыз эл жашаган, Бир кезде добул кагып, кыргызымдын желеги желбиреген. Көз арткан душман кыргыздарга даа тутуп келе албай, Сары-Колдо кыргыздан башка улут, башка эл жердебеген. Сары-Колго катылган жоо, душмандарынын катыгын берип, Нур төгүлгөн, ыйык өрөөн кыргыз жерин коргоп келген. Канчалык каргашалуу, каатчылык, оор заман болсо дагы, Кайышып, кабагым кашым дебей, кыйнчылыкка кебелбеген. Канчалык климаты каардуу, башка жактан өзгөчө болсо дагы, Артка кайтпай, бири бирине дем берип, алдыга кете берген. Өтүп кеткен Ата Бабалар, көсөмдөр Сары Колду ыйык тутуп, Ар намысты колдон бербей, ар дайым урпактарын жетелеген. |
=2= Өзгөрүп заман, төнкөрүш болуп, Совет доору келген кезде, Эбегейсиз бөлүнгүс эң чоң өрөөн, ыйык Сары-Кол арашан. Буйрук экен быт чыт болуп бөлүндү чачырап үч тарапка, Бир жагы кетти Кытайга, бир жагы Ооган, бир жагы Бадахшан. Көп жылдан кийин өзгөрүп заман дагы, эгемендүү доор келип, Далай эл көчтү Ала-Too көздөй, кучак ачып Улуу мекени Кыргызстан. Нуркабым Кең Памирдин Чыгышынын ортосу Санжыралуу Сары-Колдун ордосу Мындан алдын жетимиш жыл илгери Бийлик келип Совет доору орноду Куттуу болсун торко тойун, Нуркабым Колдоп сени Мазар-шайык колдоочу. Бийик тооң калкан болуп калкалап Кең пейил төгүп Кара-Көлүң чайпалат Узун өзөк Ак-суу дайраң ташкындап Кулач керип Аличоруң суйкалат Көрк берип өреөөндөрүң-түздөрүң Чырак-Ташың нурун төгөт жаркырап Берекесин берешенин арттырып Мадияның сулуусу ашып жайкалат Алгалай бер кылымдардан кылымга Демөөр болуп калың кыргыз журтуңа Өркүндөй бер санжыралуу Нуркабым Из калтырып муундардан муунга «Чүй-Мургаб» Коомдук |