
2025 жылдын сентябрь айынын 15-17 күндөрү Кара-Балта шаарында 1992 жылкы муундар арасында уюшулган волейбол турнири болуп өттү. Бул турнирге Ош шаарындагы "Сары-Кол" командасы, Сары-Могол айылынын "Алай" командасы жана Кара-Балта шаарынын "Сары-Кол" командалары катыштылар. Оюнчулар менен үч күнгө созулган бул оюнду тамашалап чекеде турган боллейшиктер да чер жазып, үч күн спортзалдын ичи кол чабуулар менен дүркүрөп, азаматсыңар деген кыйкырык менен чоң деңгээлде кызыктуу оюн болуп өттү.
Турнир жыйынтыгы:
Биринчи орун Сары-Могол "Алай" командасы
Экинчи орун Карабалта шаарынын "Сары-Кол" командасы
Үчүнчү орун Ош шаарынын "Сары-Кол" командасы
Биринчи орунга кубок, медалдар жана граматалар тапшырылды
Экинчи жана үчүнчү орундарга медалдар жана граматалар тапшырылды.
Сыйлык берүү аземиден кийин Кайыңды айылында конокторго үчүнчү күнүндө сый дастаркон салынып дастаркон түркүн даамдарга толуп, боор куйрук, калда-буйрак тартылып, андан сырткары Алай, Оштон келген 1992чи жылкы досторун сарпайлашып жакшы тилек максат менен батаа кылышып, чоң программадагы ыр-кесе концерт менен аяктады.
Мен бул тууралуу жарыялаган себебим 1992 балдардын максатты ден соолукту чыңдоо, ынтымакты бекемдөө кичүүлөргө үлгү болуу, кийинки жылы Ош "Сары-Кол" жана Сары-Могол "Алай" командалары ушундай турнирлерди кезектешип өткөрүүңү чечишти.
Мында менин ички дүйнөмдү жылыткан бул бири бирине болгон урмат, сый, адамгерчилик, чыныгы кичүүлөргө үлгү болоткан балдар экен. Азаматсыңар спорттук чеберчилик өсө берсин, ден соолугуңар бекем болсун, ынтымагынар арта берсин, ар дайым силерди ийгилик коштоп жүрсүн. Силердей укалар менен биз дайым сыймыктанабыз. 1992 жылкы балдарга ДАНК !
Зиябидин Жүндүбаев
Сары-Кол өрөөнү
Мургаб району