
Саратан, жайлоонун эң сонун күндөрү күн уясына батканга али эрте, маңдай бетте саалган топоздор торпокторун эмизип, кээси желини ачышып кеткендиктен арткы бутун көтөргөн кейипте торпогунан озуп оттоп, кээси көзүн сүзүп ийип берип, гепшеп жегенин ал кылып. Короочу иттер ийинин таппай адашып калган сугурду тытмалап талашып (ит күчтүүсү не бербейт дегендей), алар өздөрүнчө оокат кылууда. Короого койун кайтарган чабандын ышкырыгы таш жарат, айт-уйт, кош-кош ээй деген. Энесинен адашкан козу-улактардын добушу башкача угулат, тоону жаңыртып.
Кыргыз үйлөрдүн баарынын эшиктери түрүлгөн, аялдардын түйшүгү өзүнчө, бири суу бойунда кир жууп жатса, бири курут кайнатуу менен алек, мотурайган боз балдар дарыяда жуунуп, көк шиберде дырдай жыланач болуп кубалашып балалыктын бактысына бөлөнүп. Жаныбыздагы коңшу үйдөгү кыздар үй ичин иретке келтирип, чадарларын сыртка алып чыгып кагып-силкүүдө. Арасында мен жактырган кыз, көзүм албай ар бир кадамына тигилип олтурам.
Айылдын ар бир үйүндө радиосу бар, кечки арноо концерти шаңшып Асанкалый,Токон, Каныкей, Ырысбайлардын кайрыктарын безеленүүдө, мен радиоприёмникти сыртка алып чыгып добуш берген кулагын болушунча түбүнө бурап, секетим уксун дегенсип өзүмчө эле жигитсинем. Көрүп ал мени дегенсип секетим чадарларын сиңдилерине буйрук бере чаңдарын күбүп, жалт- жалт карап койот. Мал-жанды жайгарып, козу бөлгөндөр козуларын көгөөндөп, торпокторду желеге тээктеп, инектердин ар бирин мүйүзүнөн байлап, кал (токол) инектердин мойнуна жип гүрмөп бүгүнкү күндүн түйшүгү менен алек.
Айдын толуп калган убагы, тоодон көтөрүлгөн айдын шооласы айылды көрктөндүрүп, геримселдин толкуну даана көзгө көрүнөт. Кечинде айылдын балдар-кыздары ак сөлмөккө чыгат, ызы-чуу талаш-тартыш, биринин колу канаган, биринин кийими айрылып өзүнчө бир керемет. Ойноп жаткандардын арасында баягы менин селким, акырын барып бөйрөк тушка нукуп, баш ийкеп балдар-кыздардан бөлүнүп тээ алыс эмес жерде, эл көзүнөн алыс барып шар аккан дарыянын жетегинде шиберге олтуруп алып бүгүнкү болгон күнүмдүк кылган ишибизди талкуулап, секетим болсо башын мүрүмө жөлөп алган, мен болсо белине колум ороп кол кармашып олтурабыз, башка айтарга сөз таппай, жарым саатка жетпей бир азда энем урушат кеттик деп шаша-буша менден алдын басып бара жатты. Артынан көлөкөсүнө суктанам, жаным жай таппай дагы бир аз олтурсак кана эле деп кыжалаттанам. Балалык сүйүүнүн кучагына балкыган убак. (Уландысы бар)
Шаимов Убайдилда
Кара-Балта