Токтайым Үмөталиева Памир кыргыздарын көчүрүп келүүгө каршы

Токтайым Үмөталиева Памир кыргыздарын көчүрүп келүүгө каршы

Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева Памир кыргыздарын көчүрүп келүүгө каршы. Анын айтымында, бул кыргыздар эзелтен ээлеп жашап келген жерлердин башка колдорго өтүп кетүүсүнө алып келет. Памир жергеси азыр Ооганстанга караса дагы кыргыздарга тиешелүү жер болуп саналат. Мындай пикирин коомдук ишмер «Марал» радиосуна билдирди.

 

Токтайым Үмөталиева памирлик кыргыздарды көчүрүп келгенден көрө аларга жеринде шарт түзүп берүүгө жакшы көңүл буруу зарыл деп эсептейт. Атап айтканда, алардын ден соолугун сактоого, турак жайларын оңдоого, билим алуусуна шарт түзүп, жаңы технология жеткирип, ошол жерлерди ээлеп жашап туруусуна жардам берүү зарыл. Антпесе, жүздөгөн жылдарды бери көптөгөң аймактар кыргыздар көчүп кеткендиктен башка мамлекеттердин менчигине өтүп кеткен.

 

Эске сала кетсек, 10-мартта Нарын облусундагы өкмөт өкүлчүлүгү памирлик кыргыздарды кабыл алууга даяр экенин билдирген. Анда памирлик кыргыздар деңиз деңгээлинен 4000 метр бийик жакта жашагандыктан, ыңгайлашкыча алгач Нарын облусуна алынып келинип, 2 ай аралыгында медициналык көзөмөлдө болору айтылган.

Комментарий

kuba

Среда, 15 Марта 2017 08:11

Жер зарылбы, же эл зарылбы? Кырызстан бутуна туруп, тарыхтадгы жерлерин алганга кепилдик барбы? Ошол учур келгенче,ал жердеги эл ошол шартта калып, же жоголуп кетсечи?

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены