Сары-кол: Кыз мазар

Сары-кол: Кыз мазар

Бул мазар бекеринен минтип аталган эмес экен. Бул да ошол монголдордун баскынчылыгы учурунда, кырк кыз бирйгип, алардын эң улуусу, башчысы Мадина деген болгон. Экинчи кыздын аты Умугүлсүн болгон, ал эми үчүнчү кыздын аты Айтүза болгон экен. Бул кыздар Кашкар тараптан атайын куралданып келишип, монгол баскынчыларынын запкысынан кутулуу үчүн ушул өрөөнгө отурукташкан экен.

 

Кыздар бул өрөөндө аз турушабы көп турушабы баягы Ылысуудагы олуя адам өткөндөн кийин монголдордун аскерлери буларга да кол салышат. Кыздар менен монгол аскерлеринин ортосунда аябай айыгышкан салгылашуулар болот. Ар бир кызга монголдун 15-20 аскери туура келет. Апар монгол аскерлери менен баатырларча салгылашышат, алардын көбүн жок кылышат.

 

Бирок, монголдун аскерлери көп болгондуктан. кыздар жеңилишип, баатырларча курман болушат. Ошондон соң кыздардын денелери аруу тазаланып ошол жерге берилип мазар болуп калган экен. Азыркы учурда да алардын курган чептеринин орду бар, кароол дөбөсү, анын үстүндө үйдүн журту, тулганын орду да бар.

 

Ошол кыздардын мазары тегереги бүт тал өскөн токой болгон дешет. Ошол талдардын арасына бир адам терек тиккен экен. Айтууларга караганда бул Терек он метрден ашык өсүп туруптур. Кийин совет бийлиги орногондо, ар түрдүү курулуштар курула баштаганда ошол теректи кыюуга буйрук берилет. Буйрукка ылайык ал теректи кыйган учурда кадимкидей адамдын үнү сыяктуу бакырган үн чыгып, кан агып жыгылат. Ал теректин орду азырда бар, айланасындагы талдар кесилип жок болуп кеткен. Кызмазар ушул күнгө чейин бар.

 

Кыз мазар (2-вариант)

 

Илгери жоокерчилик замандарда эркек атмайлар кыргынга учурап жоого чыгар эч ким калбайт. Ошондо кырк кыз уюшулуп жоого каршы аттанышкан дешет. Ошол кырк кыздын башчысы Мадина деген өтө эр жүрөк, акылман, тайманбас кыз болгон экен. Азыркы Мадиян деген жердин аты ошол кыздын ысмына аталып калыптыр.

 

Мадиян өрөөнүндө Чортон деген жер бар. Ошол жерде суунун боюндагы анча бийик эмес дөңсөөнүн башында ошол кыздардын коргонунун орду ушул күнгө чейин сакталып турат. Кырк кыз ушул жерди мекендеп турушкан экен. Ал эми Чортон деген аталыш ошол кырк кыздын саяпкеринин ысмынан аталып калыптыр.

 

Кырк кыздын андан кийинки тагдыры туралуу мындай бир окуя айтылып жүрөт. Кырк кыз туптунук суу аккан өзөндүн жээгинде жалгыз түп терек өскөн кооз жерде эс алып жүрүшкөн болот. Ошол кезде кыздардын ичинен бир шойкон кыз көөгөн кармап алып анын куйругуна чөп сайып учуруп жиберет. Бул учурда кыздардын артынан сая түшүп таппай эми кайталы деп турушкан душмандарынын ичинен бирөөсү куйругуна чөп сайылып учуп келген көөгөндү кармап алат. Жоонун башчысы бул көөгөндү көрүп демек жакын арада адам бар экен, издөө салгыла деп буйрат. Ошондо душмандар издөө салышып кыздарды таап аларга эс алып, өргүп жаткан жеринде капысынан кол салышып кыргынга учураткан экен.

 

Кийин бул өрөөнгө Советтик бийлик орногон учурда ошол теректи отундук үчүн кыйдырганда, андан кан агып, ыйлаган үн чыккан экен. Бул жер ошондон бери Кызмазар деп аталып калган экен.

 

"Сарыкол легендалары"
Мургаб-2007

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены