Сары-кол: Ылысуу мазары

Сары-кол: Ылысуу мазары

Бул жерге Алла таала ысык сууну атаа кылып, адамдын ден соолугуна пайдалуу болуп эсептелет. Бул жер да өзүнчө тарыхка байланышкан.

 

Монголдун улуу ханы Чынгыз хандын аскерлери Ташкент менен Чымкентин ортосунда жайгашкан Отрар деген чоң шаарды курчоого алышат. Отрар үчүн болгон салгылашуу алты айга созулат. Ошол согушта бир олуя адам мусулмандарды алып чыгып, согушка даярдап, аларды монголдорго каршы көтөрүп чыгат. Бул Чынгызханга жетет. Ал ошол кишини кармаш тууралу өкүм чыгарат. Бирок Отрар шаары алынгандан алты ай өткөндөн соң ошол кишинин сары изине чөп салынып изделе баштайт. Олуя адам ошондо Отрар шаарынан качып жүрүп отуруп Памирге келип, Мадиян өрөөнүнө жайгашып калгандыгы айтылат.

 

Олуя Мадиян өрөөнүндө ысык суу чыккан жерге отурукташкан болот. Ошол учурда монголдун экинчи түмөндөрү тиягы Базардараны алып, Мадиян өрөөнүнө түшүшкөн эле. Алар бул олуя адамдын ушул ысык суу чыккан жерде жайгашканын билишип, аны кармамак болушат. Монголдор ал адамдын отурукташкан жерин таап, кууп барышып азыркы ысык суу мазары турган жерге жеткенде олуяга жаанын огу тийип каза болот. Азыркы учурда ошол жерде олуянын маркаты (Мазары) бар, таш менен тизилип коюулган, бирок денеси башка жерде деп айтып жүрүшөт. Ал олуянын аты Ахмад ибн Мухаммад болгон экен.

 

Бул жөнүндө эшан молдо Султан элге кабарлап айтып келген эле. Анткени бул киши дайыма ушул мазарга ижарат кылууга көп келер эле, жогорудагы окуя боюнча толук кабардар болгон адам эле.

 

Эшан молдо Султан ушул жерге келип зыярат кылып жүргөн күндөрдүн биринде, анын түшүнө ошол олуя кирип минтип айткан экен: «Мени монголдор ушул жерде атышкан, менин каным агып, жаным чыккан жер мазар болуп, элдер келип сыйынган ыйык жер болсун. Менин жайым өйдө жактагы кара тоонун үстүндө, ошого сен чыгып мага зыярат кылып тургун, бирок эч кимге айтпагын» - деп тыюу салган экен.

 

Андан тышкары бул жерде дагы эки адамдын шейит болгондугу тууралуу кабар бар. 1892-жылы, орустардын Ионов баштаган жазалоочу отряды Абдылдабектин колун Сарыколго чейин кууп келет. Ошондо ал колдон бөлүнүп калышыкан Маамыт, Сайт деген эки киши Ылысууга барып жайгашышат. Муну билип калышкан орустар, алардын артынан барышып, атып өлтүрушөт. Ошентип бул өрөөндө үч адамдын шейити болуп Ылысуу чоң мазарга айланып калган экен.

 

"САРЫКОЛ ЛЕГЕНДАЛАРЫ"
 Мургаб-2007
 sary-kol.ru

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены