Сары-Кол элинин салттуу билимдери менен тажрыйбалары

Сары-Кол элинин салттуу билимдери менен тажрыйбалары

Сарыкол өрөөнүнү чагылдырган китептер:

Жайыттар биздин байлыгыбыз”,

Жайыт ашканасы жана кол өнөрчүлүгү

 

Бул китептер Тажикстан Республикасынын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районундагы Сары-Кол аймагындагы жашашкан элдин жайыттарды пайдалануудагы, малды асырап багуудагы илгерки салттуу билимдери, тажрыйбалары, жайыттардын топонимикалык аталыштарынын мааниси, аларга байланышкан уламыштар, окуялар, макал-лакаптары, элдик ишенимдери тууралуу материалдар топтолгон.

 

Ошондой эле Сары-Колдогу жашашкан этникалык кыргыздардын малдан алынган азыктардан, башкача айтканда эттен, сүттөн жасашкан салттуу тамактары, мал союу, эт мүчөлөө жана элге тартуудагы өзгөчөлүктөр жана дагы жүн, тери иштеүүдөгү салттуу билимдерди камтыган улуттук кол өнөрчүлүктөрү тууралуу маалыматтар камтылаган.

 

Китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

 

Түзүүчүлөр: Сүйүнтбек Таджидинов, Султан Парманов

Сүрөтчүсү: Баястан Небрекожоев

 

Бул китептер эл аралык Кристенсен (TCF) фонду тарабынан каржыланып, Мургаб районунудагы АКТЕД эл аралык уюму тарабынан ишке ашырылган «Жайыттарды пайдаланууда салттуу билимдерди калыбына келтирүү жана сактоо» боюнча долбоордун алкагында даярдалып чыгарылды.

 

Сүйүнтбек Таджидинов АКТЕД эл аралык уюмунун

Мургаб районундагы филиалынын жетекчиси

 

P.S.

Китептерди ушул жерден окуй аласыздар:

1. “Жайыттар биздин байлыгыбыз

2. “Жайыт ашканасы жана кол өнөрчүлүгү

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены