Памирден Бишкекке билим алууга келген Мухаммедарап дубалдарга ар кандай ыкмалар менен өзгөчө кооздук берет

Памирден Бишкекке билим алууга келген Мухаммедарап дубалдарга ар кандай ыкмалар менен өзгөчө кооздук берет

Тажикстанда өсүп, Бишкек шаарына билим алуу максаты менен келген 23 жаштагы Мухаммедарап батирлердин 1 чарчы метр аянтына 10 миң сомго чейин бааланган өзгөчө абойлорду жасайт. Чебердин иши менен Тurmush басылмасынын кабарчысы таанышып кайтты.

 

Тилебалдиев Мухаммедарап Ысабаевич 1993-жылы Тажикстан Республикасынын Мургаб районунда (азыркы Мургаб шаары) төрөлгөн.

 

«Бул идея 2008-жылы келди. Мен 8-класста окуп жүргөндө өз бөлмөмдү өзгөчө кылып кооздогум келди. Биринчи жолу жөнөкөй сыр, картон менен жасап баштагам. Ошентип отуруп акырындан өркүндөй баштады. 2014 жылдан тартып
Murgab Bishkek 3элдердин үйлөрүн кооздоп иштеп баштадым. Бишкекте бул иш менен 2 жылдан бери иштеп жатабыз. Биринчи башталганда 2 эле бала болчубуз. Студент кезде жарнама таратып, буюртмаларды алып, түнкүсүн иштеп жүрдүк»
, - деди жаш чебер.

 


Ал бөлмөлөрдү кооздоо үчүн көптөгөн ыкмаларды колдонуп, барельеф, 3 D жасап, кыргыздын орнаменттерин чийишет.

 

«Учурда Бишкекте дубалдарды кооздоо үчүн декоративдүү шкатурканы авангард жана евро стилде чийип берген дизайнерлер жокко эсе. Ошондуктан биз россиялык айым Юля Быковскаянын чиймелерин анын уруксаты менен колдонобуз. Устачылыкка келип калганымдын себеби, 2007-жылы Хорог шаарында өткөрүлгөн "Жаш талат", "Жаш конструктор" деген мектептер аралык сынактарга катышкам. Мен жаш конструктор катары барып, ал жерден биринчи жолу барельеф 3 D картиналарды көрүп, кызыгуум пайда болду. Атам Жуниев Ысабай кесиби боюнча курулуш адиси, апам Ооматова Ордогүл Конкобаевна үй кожойкеси. Жубайым Каримова Азиза, кесиби дизайнер», - дейт ал.

 

Murgab Bishkek 2 Murgab Bishkek 4 Murgab Bishkek 5

 

Ал келечекте Бишкек шаарын, шаардагы имараттарды жаңы стилде, жаңы ыкмалар менен кооздогусу келет.

 

«Биз жасаган абойлордун зыяны жок. Сүрөттөрдү башында өзүм тартып жүрдүм. Азыр атайын даярдалган сүрөтчүлөрүбүз бар. Ошондой эле, биз жасаган жумуштарга 5 жыл, барельефке 15 жылга чейин кепилдик бере алам. Башында хан сарайларды (2 кабаттуу үйлөр) гана жасалгалачубуз. Азыр буюртма бергендер көбөйдү. Акыркы 6 ай ичинде бала бакчалар, балдар үйүнөн көп сунуштар түшүп жатат», - деди ал.

 

Murgab Bishkek 6 Murgab Bishkek 7 Murgab Bishkek 8

 

Мухаммедарап учурда үй-бүлөсү менен Аламүдүн районундагы Байтик айылында жашайт.

 

Murgab Bishkek 9 Murgab Bishkek 9 1 Murgab Bishkek 9 2

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены