Ош-Мургаб өмүр жолу

Ош-Мургаб өмүр жолу

Ош-Мургаб жолу мургабчылар үчүн өмүр жолуна тете, ошондуктан тажикстандык паракор гаичилер менен чек арачыларга да кайыл.

 

Байтемирдин баяны

 

Тарыхка Памир тракты деген аталыш менен кирген Ош-Хорог жолунун көбүн бийик тоо шартына чыдамдуу жергиликтүү кыргыздардын күчү менен бүткөн. Алардын катарындагы Байтемир Куловдун тагдырын "Делбирим" («Кызыл жоолук жаңжалым») аңгемесинде Чынгыз Айтматов түбөлүккө кагаз бетинде калтырган.

 

Кийин Илиястын аялы Аселди алган Байтемир 3-жарым миң метр бийиктиктеги жолдун курулушу тууралуу буларды эскерген:

 

Osh Murgab jolu 2– Памирге эмне үчүн баргым келбегенин сурадыңыз. Мен өзүм памирлик кыргыздардан болом, бирок минтип Тян-Шанда туруп калдым. Памир жолунун курулушуна каргадай кезимен баргам. Комсомол ураан таштаганда барганбыз. Жолду жамы журт жапа-тырмак курганбыз. Азыркыдай техника жок. Жан аябай иштедик, айрыкча жаштар Памирге жол салыш деген эмне шумдук! Мына ушул бизди ээликтирген. Мен ударник болуп жүрдүм, нечен жолу сыйлык алдым.

 

 

 

 

Osh Murgab jolu 3Байтемир кийин согушка кетип, артында Оштон Советтер Союзундагы эң бийик шаар Мургабга баруучу бул жолдун боюндагы үйүндө аялы эки кызы менен жалгыз калат. Кийин чоң селде алар үй-жайы менен кошо күм-жам болот. Мына ушул Байтемирдей памирлик кыргыздар курган, кийин аңгеменин башкы каарманы Илияс да өткөн "Памир трактынын" Оштон берки бөлүгү жакында кайра салынып, бүгүн көз тайгылткан даңгыраган жапжаңы жолго айланган.

Ушул жол менен баратып, кээде бул чынбы же түшүмбү деп ойлоп кетип жаттым, себеби ал өзүм канча суктанган европалык жолдорду эске салып жатты. Бирок саатына 30-40 чакырым ылдамдык менен келаткан машинаны гаичи токтотуп, көз көрүнөө эле айдоочудан пара алганын көргөндө, киндик каным тамган Кыргызстандымда эле жүргөнүмдү эстедим.

 

Osh Murgab jolu 4Биз түшкөн "Мицубисинин" айдоочусу Мамасали да памирлик кыргыз. Мургабга автобус каттабайт. Ош шаарынын четиндеги Мургабаз авто-бекетинде бизди тааныштардын тааныштары, мына ушул Мамасали күтүп алып, ошол жердеги жатак үйдө конуп, үрүл-баралда турганбыз. Мургабга кошо барат элек деген бишкектик бир тилчи кызды дарыгери «жүрөгүң начар» деп, жибербей койгон, ал эми белгилүү фотограф «жеңил машинаң бул жолго жарабайт» дегенден улам, калып калган. Ошентип Бишкектен учуп келип, Оштон бейтааныш беш жүргүнчү болуп жолго чыкканбыз.

 Мамасали Мургабдын  Ыраң-Көл айылынан, төкмөлүгү бар, комузда ойногон, чукугандай сөз тапкан, далайларды тамаша-чыны аралаш чучугуна жеткирип ырга да салгандан жалтанбаган шайыр экенин кийин билдим. 11-12 сааттык жолдун чек арага чукул Сары-Ташка чейинки бөлүгү жаңы түшкөн жол болгондуктан, эч кыйынчылыксыз жүрүп отурдук.

 

Программаны толугу менен бул жерден угуңуз:


 



Муктаждыгың болбосо, Мургабга барып эмне бар

 

Osh Murgab jolu 5Тажикстанда кыргыздар жердеген Жерге-Тал, Мургабга кезегинде советтик окуу жайлардан бүтүрүүчүлөр барышчу. Жакында көзү өтүп кеткен таекем туугандары кудалаган кызды албай, Мургабга стажировкага кетип калып, ал жакка Орусиядан барган практикант орус кызга үйлөнүп келгенин үйдөгүлөр узун сабак кылып көп айтышчу. Тажикстандын аймагындагы кыргыз жерлерин Мырза Гапаров, Анатай Өмүрканов, Эрнис Турсунов өңдөнгөн белгилүү инсандар түрө кыдырып, ал эми Дооронбек Садырбаев айтылуу «Элимдин көрөңгөсү» даректүү тасма тарткан.

Бирок СССР кыйрагандан кийин ал тарапка каттагандардын аягы суюлган. Баткендеги Зардалы айылына карата айтылчу учкул сөздү буруп айтканда, "Муктаж ишиң болбосо, Мургабга барып эмне бар?" демекчи, чыгыш памирлик боордошторубузга каттагандардын азайышы биринчи кезекте жол азабынан болгондугун ушул сапарда аңдадым. Жол азабы кыргыз-тажик чек арасына аз калганда күчөдү. 30 чакырымдык коопсуздук тилкеси Кыргызстанга караган менен, кыргыз бийликтери бул жолду карабай таштаган.

 

Osh Murgab jolu 1Мамасали өткөн кыштагы катуу суукта ушул жолдо калып, бир жүргүнчүнүн үшүк алган буту-колун Хорогго алып барып кестиришкенин эскерди. Суук 40-45 градуска чейин жетип, бир айдай жол жабылып калганда да мургапчылар баары бир Ошко каттап турушкан, себеби Тоолуу-Бадахшандын борбору Хорогго чейин 600 чакырым, бир күндө, ал эми баш калаа Дүйшөмбү 1500 чакырым алып болгондуктан, бир жарым күнчөлүк жол.

 

Мургабдын жери какыраган чөл келип, малдан башка чарбачылык жок, тамак-ашты бүт 400 чакырым аралыктагы Оштон ташып келишет. Өткөн кышта эл ачка калган эмес, бирок жутта көп мал өлүп, баалар асмандап кеткен.

 

Osh Murgab jolu 6Тоолордун кызыл өңүнөн улам «Кызыл-Арт» аталып калган ашуу Кыргызстан менен Тажикстанды бөлүп турат. «Аалам кызгыздары» басылмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, мургабдык Акылбек Атабаевдин айтымында, мурда Мургаб Кара-Кыргыз автономиялык областына караган. Бирок сталиндик бийлик Борбор Азияны республикаларга бөлгөндө, Тажик республикасын түзүүгө жери жетишсиз болгондуктан, кыргыздар тажиктерге боор тартып, Мургабды кошуп берип койгон. Ал эми биздин "Мицубисиде" бараткан мургабчылар бир бюрократ Бишкектен бери келип, ал кезде жол жок, Кызыл-Артка жеткенде, чаалыгып калган экен, бизге ушул эле жетет, мындан аркысы тажиктерге калсын деп кол шилтеп койгонун айтышты.

 

Ташполоттун тилеги

 

Osh Murgab jolu 7Чек арага келгенде Мамасали биздин паспортторду чогултуп, кыргыз чек арачыларынын бекетине кирип кетти. Сөздөн сөз уланып, биз менен келаткан мургабчы Ташполот ушул дээрлик 4300 метр бийик ашууга чейинки жолду кыргыз тарап оңдоп, кышкысын карын күрөтүп турса дегенде элдин эки көзү төрт экенин айтып берди:

- Чек арадан постко чейин 30 чакырым аралык бар. Ушул аралык кыштын күнү кар көп түшүп жабылып калган болсо, Кыргызстандын чек арачылары тейлешпейт. Мында Мургабдагы кыргыздар гана каттайт. Бизге чоң түйшүк болду. Кышта бир-бир жарым ай жабылып калып, каттам токтогон. Этникалык кыргыздарды эске алып, боордош мамлекет катары Кыргызстан ачып койсо болмок. Бирок Кыргызстанга керек эмеспи билбейм. Ал эми Тажикстан өз тарабын тазалап, ачык кармайт. Кыргызстандын аймагын Тажикстан Кыргызстандын аймагын тазалоого укугу да жок, каалашпайт деле.

 

Улуттар аралык дипломатия

 

Osh Murgab jolu 8«Кыргызстандын жарандарын катташ керек, анча-мынча тамак-ашты кайдан алдың эле, анын квтитанциясы кайда?» деп акча алыштын айласын табышат экен, айтор бул чек арада көп турган жокпуз, бирок паспорту тажиктердики болгон Мамасали кыргызга пара алуу жагынан эки жак бирдей эле мамиле жасады. Тажик чек арасында жарым сааттай кармалып, кайра жолго чыктык. "Тоолуу-Бадахшанга куш келиңиз" деген жазуусу бар эсркертменин жанында топоздун элеси тартылган такта артта калды. Машинанын радиосунан буга чейин кыргызча ырларды угуп келсек, эми Мамасали тажик ырларын ойното баштады. Өз жеринде, бирок башка элдин кол алдында жашаган сары-колдук кыргыздар улуттар аралык дипломатияны кыйла өздөштүргөн экен деп калдым!

 

Тажикстандын жолдору деле жарыбаптыр. Айрым жерлери сел алып, 100-200метрдей жерлер оюлуп, суу басып калган. Бишкектеги мургабчылар «жеңил машина менен барбагыла!» деп туура эле эскертишкен экен. Эски көпүрөлөрдүн очойгон бетон сыныктарын катуу келген суу туш тарапка сүрүп салган. "Мицибуси" жолдун ордунда жайылып аккан туптунук тоо суусун оңкулдаган бойдон кетип өтүп, кайра кара жолго түштү. Советтик доордон бери оңдолбогон бул жол Кытайдын тикенектүү темир менен тосмолонгон чек арасынан кээде болгону 5-10 метр аралыкта өтөт.

 

"УАЗ, топоз жана биз"

 

Osh Murgab jolu 9Жолдо дээрлик кыймыл жок, ылдыйлаганда гана топоз айдаган малчыларды көрдүк. Мургабды топозсуз элестетүү мүмкүн эмес. Айдоочубуз Мамасали «Мургабга чыдаса, бир кыргыз, топоз жана терскен гана чыдайт» деген тамаша-чыны аралаш сөздү эскерди. Кийин мургапчылардан «УАЗ, топоз жана биз» дегенди да уктум. 19-кылымда улуу державалардын гео-саясий кармашында чачырап калган кыргыздардын бир бутагы болгон сары-колдук мургабчылардын бир тобу азыр каатчылыктын айынан Ошто, Бишкекке чейин келип алышкан.

Белгилүү тарыхчыдан сурасам, бүгүнкү Мургаб кыргыздарын жерин кыдырып, казып изилдеген окумуштуулар бүгүн дээрлик жок экен. Тажикстандын аймагынын төрттөн бирин ээлеген, бирок калкынын саны боюнча бир пайызга да жетпеген мургабчы кыргыздын бүгүнкү турмушу, жашоо-шарты менен таанышуу али алдыда эле.

 

Мургабдын унутулган Ата-Бейити

 

Кремлде кабыл алынган чечим менен Тажикстанга карап калган мургабчылардын башынан ар замандар өттү. 20-кылымдын 30-жылдары Мургабдын эли ар жагы Кашкар-Кашмир, Ооганстан, бер жагы Фаргана, Ош менен соода-сатык мамиледе болуп, тың жашаган. Рахманкул хандын убагындагы чек арачыларга кол салуулардын кесепетинен Кытай да, Ооганстан да чек араларын жаап алгандан кийин, соода жолдору буулуп, сарыколчулардын күнү ушул Ош жолуна түшкөн. Дал ушул жол менен сталиндик репрессиялардын курмандыктарын ат арабаларга отургузуп, Ошко алып кетишкен, айрымдарын Мургабдан чыккандан кийинки эле Кызыл-Даңгинин коктусунда, Буучусунун тумшугунда эле атып салышкан экен. Сарыколдуктардын бул Ата-Бейиттерине алигиче эстелик коюла элек...

 

Osh Murgab jolu 9 12004-тө Кытайга «Көлмө» өткөөлү ачылган менен, визаны Дүйшөмбүдөн барып алыш керек болгондуктан, Кашкарга каттаган эл аз. Кытайлык жүк ташыган оор машиналар өткөн жолдор камырдай жуурулуп, Бишкек-Торугарт жолунун эски кейпин кийген. Аргасыз жолоочулар чоң жолго катарлаш кара жол менен жүрүшөт. Жол азабына карабай, бала-бакырасы Ош, Бишкекке кеткен элде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамиле бузулбай, канча пара берсе да, чек арада жабылып калбасын деген тилек менен жашап келишет.

 




Илияс кайда калды экен

 

Айтматовдун «Делбирим» аңгемесинде ак-көңүл, көк жал, бирок алакөөдөк Илияс мөлтүрөгөн келинчегинен баласы менен кошо айрылып, кийин алган экинчи аялы менен да оту күйүшпөй, акыры ушул Памирди көздөп кетет эмеспи. Ал Сары-Колду байырлап калды бекен, же кайта кайтты бекен? Бүгүн ал биз менен баратканда, кимдерге жолугуп, эмнени көрөт эле? Ушундай ойлорго термелип келаткан жолдо туристтик автобустар көрүнө калып жатты, бир кичи автобустун дөңгөлөгү жарылып, артта калды. Кытайдын чек арасын бойлогон жол бир аз батышка кыйгачтап, алыстан Тажикстандагы эң ири көл болгон Кара-Көлдүн көгүш тарткан жээги көзгө урунду.

 

УЛАНДЫСЫ...

 

ЭСКЕРТҮҮ: Программада Түгөлбай Казаковдун жана мургабдык шайырлар Муса Маманиязовдун, Мамасали Сатаровдун чыгармалары пайдаланылды. Булагы: "Жылкыны даңазалаган кыргыз этникалык музыка", Учреждение "Кыргыз Аты".

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены