Мургаб: Кара-Көлдүн куурдагы

Мургаб: Кара-Көлдүн куурдагы

БАШЫ...

 

Кыргыз-тажик чек арасын өтүп, Тажикстанга киргенден кийин кыргыздардын Кара-Көл айылына туш келесиз. Кара-көлдүк ишкер айым Айзаданын ашканасына башбагалы.

 

Кыргыз-тажик чек арасынан өткөндөн кийин жарым саат да жүргөн жок окшойбуз, алыстан мунарыктап, көлдүн көгүш кылаасы көзгө урунду. Чатыры жок, акиташ менен акталган төрт бурчтук үйлөр кертилген KK Kuurmasu 1канттай болуп, көл боюнда чачылып жатты. Чаң баскан айылдын көчөлөрүнөн үрүп чыккан иттин да үнү угулбай, тымтырс.

 

Башкалардай эле, эшик-терезеси ачык, көк түскө бойолгон үйдүн короосуна келип токтодук. Короонун бир дарбазасында бир тамгасы жок «КАРА» деген жазуу көрүнөт, «КӨЛ» деген жазуусу бар экинчи дарбаза ичкериде дубалда жөлөнүп туруптур. Башка жазуу жок болгондуктан, мен биздин айдоочу мургабдык ырчы Мамасалинин тааныштарыныкына келдик деп ойлодум, бирок бул "Кара-Көл" стилдеги кафе болуп чыкты. Бизди чарчы бойлуу, орто жаштагы KK Kuurmasu 2аял тосуп алды, аты Айзада экен. Конокторду үйдүн кире беришиндеги бөлмөгө киргизди. Гүлдүү клеенка жабылган жапыс үстөлгө колго бышкан нандан кесип койду. Терезе айнектин сыртынан дагы клеенка капталгандыктан, үйдүн ичи караңгы тартып турду.

 

Ала-Тоону көрбөгөн байбиче

 

Чай кайнаганча мен ичкери кирдим. Конок ээси ашкананын сол жагындагы очокко от тамызып, казан асты. Оң жакта болсо ачык көк түскө боелуп, кызыл-тазыл гүл тартылган шкаф. Жерде отуруп, картошка KK Kuurmasu 3аарчып жаткан болтойгон кыз тура калып, күлүмсүрөп учурашты. Андан аркы дагы бир эшиксиз бөлмөдө караңгыраак бурчта жылуу жоолук оронгон байбиче дасторкондун четинде ийик кармап отурган экен:

 

- Койдун жүнүнөн жип ийрип жатам. Кийин бойокко салам. Таарды кызым согот. Кыз-келин килем согот. Мен байпак түйөм.

 

Байбиче Мургабдын Ыраң-Көл айлынан, кызы Айзада ооруп калып, көргөнү келген. Ордунан очорулуп, араң кыймылдаганы менен сөздү илгиртпей улап, шаңк этип күлүп койот. Небере, чөбөрөлүү болгончо Кыргызстанга барган эмес, бирок мургабдык көп кыргыздардай эле бир кызы Чүйдө турат.

 

- Айзада менин кызым, ушунда столовойдо иштеп жатат. Буту ооруган экен. Медиан деген жайлоодо туулгам. 3 уулум, 6 кызым, 20 неберем, чөбөрөлөрүм бар. Абышкам мени менен тең. Уруум кызыл баш, жолдошум кесек, Мургабдагы чоң уруунун келинимин. Келиндерим менен турам. Кыргызстанда болгон жокмун, бирок бир кызым ошол жакта. Кара-Балтада турат дешет. Жаштар көп кетип жатышпайбы.

 

«Столовый» менен «Хоумстей»

 

KK Kuurmasu 4Мургабдыктар алайлык кыргыздардай эле ичкилик уруулардан. 21 жылдан бери ортодо чек ара болуп калганы болбосо, Мургабга караганда, Ош менен Алай аларга өз жер. Сөздү байбиченин ишкер кызы Айзада коштоп, Кыргызстандагы туугандар дайым белек-бечкек алып келип тураарын божурады:

 

– Кыргызстандан уул-кыздар чапан алып келет, олорду кийебиз. Тагаларым да Кыргызстанда, Алайда жашайт. Машинабыз жок, такси менен каттайбыз. Орто мектепти гана бүтүргөн Айзада айым балдары чоңойуп, өз-өзүнчө оокат кылып кеткенден бери ушул кафени иштетет. Шамдагай кыймылдаган киши экен, бир заматта картөшөнү жууп, эт менен кошо туурап, казанга салды.

 

Кара -Көл деңиз деңгээлинен дээрлик 4 миң метр (3914м) бийиктикте жайгашып, эки көлмөдөн турат. Туурасы 52, тереңдиги 20 метрден 250 метрге чейин жетет. Ысык-Көлдөн үч эсе кичине болгону менен Тажикстандагы эң ири көл болуп саналат.

 

Программаны толугу менен бул жерден угуңуз:

 

 

 

Кара-Көл Ошту Хорог менен бириктирген Памир чоң жолунун боюнда турат. Мургабдан ары Ооганстан, Пакистан, Индия, Кытайга кетүүчү туристтер ушул жол менен өтүшөт. Жергиликтүү калкка жардам берген эл аралык уюмдардын колдоосу менен мында «хоум стей» (Home stay), же жеке менчик чакан мейманканалар ачылган. Айылда андай жерлер деле саналуу, ошого карабастан турмушу катаал жерде Айзада алар деле атаандаш болуп жатканын жашырган жок:

 

- Ашкананын атын кое элекпиз. «Столовый» деп коебуз. Башка да ашканалар бар, алар туристтерди алышат. Конкуренция көп, бирок турист жок болуп жатат.. Мурда көп келет эле, азыр жок. Тээ Швейцария дейби, Франция дейби, ушундай жерлерден келет, бирок мага келбейт, "хоумстейге" кетишет. Мага өзүбүздүн эле кыргыздар келет. "Хоумстейлерде" жатаканалары бөлөк-бөлөк, мончосу бар, бирок ысык суу жок. От каламайынча ысыбайт дагы, муздак бойдон тура берет. Айзада айымдын кафесине үй ээлерин тааныгандар гана кайрылат, ошондуктан байманасы деле ташып кеткен эмес. Азыноолок пенсия алат (3 миң сом), электр жарыгы да, муздаткыч да жок болгондуктан, көп конок тосууга деле шарт жок:

 

- Бир жылдан бери конок жок. Быйыл кышта жолдор жабылып калды. Билгендер келет, билбегендер өтүп кетет. Реклама дегенди билбейбиз. Тамакты да көп жасай албайбыз, анткени муздаткыч жок, электр жок.

 

Терскен менен мөңгү

 

KK Kuurmasu 5Кара-Көлдү 7 миң метр бийик аска тоолор курчап турат. Кук эткен кузгун, как эткен карга учпаган бул жерлерде бир гана терскен өсөт. Бүт Памирде эл мына ушул терскендин көзүн карайт. Бийиктиги 4-5 эли келген бул өсүмдүктү үзгөндө тамыры менен кошо жулуп алышат. Тилекке каршы, терскенди жулган сайын, топурак борпоң тартып, алаамат куюнда көтөрүлгөн чаң мөңгүнү каптап, мөңгү тез эрип кетүүдө. Бирок мындай глобалдык проблемалар тууралуу ой калчап отурууга кара-көлдүктөрдүн чама-чаркы чектелүү. Айзаданын пенсиясы бир-эки машина терскенге араң жетет. Ал эми терскенди жайы-кышы жагыш керек:

 

- Отун жок, жем жок, ушул кышта малыбыз жаткан жерден эле өлүп калды. Азыр эми жакшы болуп калды, малды жайлоого кетирдик. Кык (тезек) жагабыз, анан терскен жагабыз. Башка эч палээ (эч кандай) отун жок. Чай кайнатканга эки терскен керек. Тамак бышырганга андан да көп кетет. Бир машинасын 200-300 сомониге (2000-3000 сом) алабыз. Жайында да суук, от жагыш керек. Терскен түгөнсө, кантип оокат өтөт билбейм.

 

Жаштардын жашоосу: мектеп, мечит жана мал

 

KK Kuurmasu 6Илимдүүлөрдүн айтымында, мындан 5, а балким 25 миллион жыл мурда, асмандан метеорит кулап түшүп, ушул көл пайда болгон. Кара-Көлдүн жанында Экинчи түрк каганатынын ханы Култегиндин аскерлери биздин замандын 715-жылы бир түрк мамлекетинин колу менен салгылашканы байыркы Орхон жазууларында айтылат. Бирок Азия менен Европа чектешкен зор мейкиндикте Кара-Көл деген аталыштагы жерлер көп болгондуктан, Култегиндин дал ушул жерде болгондугу далилденген эмес. Түрк каганатынын заманында кандай болгонун ким билсин, бүгүнкү күндө Кара-Көлдө мектеп менен мечитти кошпогондо, маданият үйү, кинотеатр же башка көңүл ачуучу жай, ийримдер жок. Ошондуктан, каракөлдүк ишкер айымдын айтымында, жаштардын жашоосу күнүмдүк оокат менен чектелет:

 

- Үч уул, бир кызым бар, бала-чакалуу. Неберелерим бар, алды жетинчи класс, кичүүсү биринчи класс. Каникулда балдар жайлоого барат, отун алат, мал багат. Кышка даярдык көрөбүз. Андан башка бизде эч нерсе жок. Жайлоодо ээн-эркин басып жүрөт, кичине каймак-айран ичет, башка эч нерсе жок.

 

KK Kuurmasu 7Байыркы сактар менен перстер Зира деп атаган Кара-Көлдү 19-кылымда британ жана орус географтары британиялык ханыша жана Орусиянын акыркы падышасы Николай Экинчинин чоң энесинин атынан Памирдеги "Виктория көлү" деп аташкан. Коммунизмдин орношу менен бул аталыш да унутта калган. Британ ханышасынын буту да баспаган Кара-Көлдүн көчөлөрүндө биз болгон күнү чет элдик туристтер көрүнгөн жок. Ал арада куурдак да бышып калды.

 

"Жолоочунун жолдо болгону жакшы" дейт эмеспи. Шам-шум этип алып, жолго чыктык. Мындан аркы Мургабга чейинки 150 чакырым аралыкта эми башка бир да айыл жок.

 

Көл кылаасы менен бир топко жүрүп отурдук. Көп өтпөй жол дагы өр тарта баштады. Советтер Союзундагы эң бийик тоо ашуусу саналган, деңиз деңгээлинен 4655 метр бийиктиктеги Ак-Байтал ашуусу али алдыда эле.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены