Орозбек Молдалиев: Памирлик кыргыздар тууралуу ойлор

orozbek-moldaliev-pamirlik-kyrgyzdar-tuuraluu-oilor 1Массалык маалымдоо каражаттарында «2017-жылы октябрда кыргыз өкмөтү Ооганстандан алып келген алты үйлүү памирлик кыргыздардын айрымдары жергиликтүү бийликтерге нааразы болуп, кайра кетип жатышыптыр» деген маалыматтар тарап, коомчулукта ар түрлүү терс пикирлерди пайда кылды. Маалымат жетишпесе, ушак сөздөр чыгат да. Памирден кыргыздардын Нарын облусуна келишинин бир эле себеби – алардын балдарын Кыргызстанда окутуу болгондугу даана, так айтылбай калган экен.

 

Белгилүү жазуучу, журналист Олжобай Шакирдин жерге-талдык кыргыздардын абалы жөнүндөгү баянын окугандан кийин «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөлөрүнө жана жалпы коомчулукка «РухЭш» сайты аркылуу кайрылып, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары боюнча маселелерди талкуулап, бийлик өкүлдөрүнө сунуш берсек кандай болот деген ойго келдим. Ошондуктан памирлик кыргыздардын маселелери менен анча-мынча тааныштыгы бар адам катары айрым ойлорумду ортого салууну туура таптым.

 

Убагында бул маселе боюнча президентке жана өкмөткө кызматтык кат киргизген элем, андагы айрым сунуштар эске алынгандай болду. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттары да бул маселеге көңүл буруп, памирлик кыргыздарга жардам уюштуруу иштерин талкуулап, өкмөткө тиешелүү тапшырмаларын беришкен.

 

orozbek-moldaliev-pamirlik-kyrgyzdar-tuuraluu 2Этникалык кыргыздардын диаспоралары Ооган Ислам Республикасында, Кытай Эл Республикасында, Тажикстанда, Түркияда, Өзбекстанда жана башка мамлекеттерде жашап жатышат жана алардын ичинен официалдуу саясый-укуктук өзүн-өзү башкарууга Кытайдагы Кызыл-Суу-Кыргыз автономиялык облусу (ККАО) гана ээ.

 

Биз сөз кылалы деп жаткан памирлик кыргыздардын ал аймакта качан жайгашкандыгы боюнча илимий так маалымат дээрлик жок. Памирди изилдөө боюнча мыкты адис, белгилүү тажик окумуштуусу Баходур Искандаровдун эмгектеринде көчмөн кыргыздар Памирдин негизги элдеринен экендигин баса көрсөтүп, XV-XVI кылымдарда эле алар чыгыш Памирде жашашкандыгын тарыхый булактарга таянып далилдеген.

 

XIX кылымда Кокон хандыгы, Кашгар бекчилиги жана Вахан Эмири Памир аймагын бөлүштүрүшкөндө, Улуу жана Кичүү Памир кыргыздары Ооганстанга карап калган. Б.Искандаров "Чыгыш Бухара жана Памир XIX кылымдын экинчи жарымында" деген фундаменталдуу эмгегинде 1895-жылы Ооганстан менен Орусия чегара бөлүштүргөндө Памир да кайра бөлүнгөндүгүн белгилейт.

 

Улуу Британия жана Орус империяларынын XIX кылымдагы геосаясый интригалуу «Чоң оюнунун» натыйжасында кыргыз этносунун бүтүндүгү бүлүнүп, Памирдеги кыргыз уруулары негизги элден бөлүнүп калган. Ошондой эле тагдыр Кытайдагы жана башка жерлердеги кыргыздардын үлүшүнө да туура келген.

 

orozbek-moldaliev-pamirlik-kyrgyzdar-tuuraluu 3Кытай, Пакистан, Ооганстан жана Тажикстандын чегаралары кошулган аймакта, деңиз деңгээлинен 4100-5200 метр бийиктиктеги Ооганстандын Улуу жана Кичүү Памиринде кыргыздар өз тилин, каада-салттарын, маданиятын жоготпой сактап келе жатышат.

 

2007-жылы Ооган Ислам Республикасындагы изилдөө иштерибиздин максаты бөлөк болсо да оогандык кыргыз боордошторубуз менен көрүшсөк деген оюбуз бар болчу. Алардын бирөө-жарымына жолуксак деп, сөз арасында сураштырып жүргөндө кандагарлык казактардын башчысы: "Памирден башка ооган аймактарында кыргыздар жок, баурым, алар бийик тоонун таза абасында, таза суусу бар жерде гана жашашат гой",- деп ынандырды да, "мына, биздер (казактар) түгөл баарыбыз кеткени жатабыз Казакстанга, мен оралмандарды жөнөтүп болуп, эң акырында чыгам. Ооганстанда бир да казак калбай турган болду", — деди. Сиз генерал Громовдун "менин артымда бир да советтик солдат калган жок",- дегениндей эле айттыңыз, Казакстан кандай кабыл алып жатат десек, ал буларды айтып берди. "Казакстандын Ооганстандагы элчилигинин көмөгү менен оогандык казактардын тобу барып, Туркестан облусунун аймагынан бизге сунуш кылган жерлерди көрүп келдик. Калгандарга түндүк Казакстандан да жер берилет экен. Ар бирибизге үй куруп алганга жана тирлик кылып кеткенге каражат берилип, оралмандар үчүн үйлөр курулат деп айтышты. Казакстандын жарандыгын көчүп барып, жайланышкандан кийин арыз берип, анан мыйзам белгилеген мөөнөттө алат экенбиз",- деди.

 

Орусиянын элитасынын айрым өкүлдөрү атайын козгогон "Казакстандагы түндүк аймактар маселесинен" улам президент Н.Назарбаев мамлекеттин борборун түндүккө которуп, элинин санына салыштырмалуу жери көп өлкөсүнө чет элдердеги казактарды көчүрүп келүү боюнча "оралман" саясатын бир топ жылдардан бери ишке ашырып жатат. Бирок кийинки жылдарда бул багытта кыйла мүчүлүштүктөр пайда боло баштады.

 

orozbek-moldaliev-pamirlik-kyrgyzdar-tuuraluu 4Оогандык өзбек генералы Абдул Рашид Дустумдун иниси, Ооганстандын Кыргызстандагы биринчи элчиси Абдул Кадыр мырза бирөөлөрдөн бизди келди деп угуп, издей баштаптыр. Казак туугандар аркылуу биз жолугуп, андан кийин катташып, кабарлашып жүрдүк. Ал Ооган парламентинин депутаты экен. Бир жолу "кыргыз туугандарыңызга жолугасызбы, мен жардам кылайын",- деп калбаспы. Көрсө, Ооганстандын президенти Х.Карзай өлкөсүнүн парламентинин Жогорку палатасына (Мишрано Джирга) өзүнүн квотасына ылайык памирлик кыргыздардан бир депутат сунуш кылыптыр. Мыйзамга ылайык парламенттен орун алыш үчүн этникалык топтун саны 15 миңден кем эмес болуш керек экен, бирок президент кыргыздардын жаратылыштын катаал шартында, борбордон өтө алыс, эң бийик тоолордогу Ооган өлкөсүнүн чегарасын кайтарып, чарбачылык кылып жаткандыгын эске алып, аз сандуу калк болсо да, эл өкүлдөрүнүн Жогорку палатасынан бир орун берели деп негиздеп, макул кылыптыр.

 

Абдул Кадыр мырзанын айтканына кубанып, макул болдук. Ошентип Ооган Памириндеги кыргыздардын парламенттеги өкүлү Турду Акун менен жолугуштук. Ал биз жашаган жерге өзүнө тиешелүү кызматтык джип машинесинде, автомат көтөргөн жан сакчысынын коштоосунда келди. Айлыгы эки миң доллардын тегерегинде, ижарага алган үйдүн чыгымдарын парламент төлөп берет экен. Беш жылдык депутаттык мөөнөт аяктагандан кийин парламент берген кызматтык автоунаалар депутаттардын менчигинде калат экен, себеби алар ай сайын льгота менен белгиленген сумманы мамлекетке төгүп турушу шартталыптыр. Ошондуктан алар машинасын жакшы урунуп, кылдат пайдаланышкандыктан өкмөткө чыгым болбойт экен.

 

Турду Акундун, анын досу, бир чети кайнагасы Махамат Райымдын жана башка билимдүү (ошол кезде 10 билимдүү адам бар эле) памирлик кыргыздардын айтышынча, алар өздөрү мекендеген асман тиреген аскалуу бийик тоолордогу аймакты жалпысынан «Памыл», «Бами дүнүйа» («дүйнөнүн чокусу», «жердин чокусу») дешет. Памир өз иретинде «Улуу памир», «Кичүү памир» деп экиге бөлүнөт; эл сырткы дүйнөдөн алыста, жайдыр-кыштыр жарым көчмөн турмушта жашайт.

 

Памирлик кыргыздардын түпкү теги боюнча аларда так маалымат жок экен. Алардын айтуусу боюнча кыргыздардын кезектеги жана ошол эле учурда акыркы чоң көчү Улуу жана Кичүү Памирге 1919–1920-жылдарда негизинен Алайдан жана Кара-Кулжадан (Алайкуудан) Рахманкул хан менен Мургаб аркылуу келишиптир. Негизги уруулары найман, кесек, тейит, кыпчак жана башкалар. Геосаясый окуяларга байланышкан кыйынчылыктарга, кырк жылдан берки ооган согушуна жана бийик тоолордун арасындагы катаал жашоо шартына карабай, ооган кыргыздары тиричилигин улантышууда.

 

Азыркы убакта Памирде 5 өзүн-өзү башкаруу органы бар жана алар Бадахшан велаятынын (обулус) Вахан дистриктине (район) караштуу. Чоң Памирдин негизги айылдары – Шоур, Эл-Конок, Беш-Көнөк, Толубай, Байтөбөт; Кичүү Памирде Көк-Турук, Кара-Жылга, Терген, Корум, Үч-Жылга, Ак-Жылга ж.б.

 

Ооганстандагы калктын саны боюнча 1987-жылдан бери официалдуу так маалымат жок. Ошондуктан Памирде болжол менен 600 түтүн (8 миңден көбүрөк: беш миң эркек, үч миңи ургаачы) кыргыздар бар деп болжолдонот. (Биздин баамыбызда калктын саны мындан да аз). Мектеп жашындагы балдардын саны ошол кезде 800дөн көбүрөк эле. Мектеп жок болгондуктан калк дээрлик сабатсыз эле.

 

Автоунаа жолдору жана саламаттык сактоо мекемелери жок Памирде энелердин жана балдардын өлүмү дүйнөдөгү эң жогорку сапта. Биздин оюбузча, мунун дагы бир себеби кыздарды өтө эрте турмушка берүүгө байланыштуу. Памирликтер кыздарды күйөөгө 14-16 жаштан узатабыз деп айтышкандары менен, көпчүлүк учурда 9-12 жаштардагы секелектерди деле турмушка узата беришет.

 

Памирлик кыргыздардын көпчүлүгү боз үйлөрдө турушат, негизги иши мал чарбачылык; алардын менчигинде 25 миң кой-эчки, 200 төө, 500дөн бир аз көп жылкы, 8 миңдей топоз бар. Бирок алардан алынган продукцияларды (жүн, тери, сүт, айран, курут д.у.с.) сатуу мүкүнчүлүгү жок болгондуктан, алар ички керектөөлөргө гана жумшалат.

 

Улуу жана Кичи памирликтердин сырткы дүйнө менен байланышы өтө сейрек, себеби район борбору Ваханга жетиш үчүн ат менен жайында беш, кышында он күн жол жүрүш керек. Вахандан Улуу Памирге келе жатканда акыркы эки күндүк жолдо айыл-апа жок болгондуктан ачык асман алдында түнөөгө туура келет.

 

Памирлик кыргыздардын аты-жөнү оогандыктарда кабыл алынган ыкмада: титулу, аты, атасынын аты айтылат, мисалы биз турган үйдүн кожоюну бизче Хасан ажы болсо, оогандарда «ажы Хасан» деп айтылат.

 

Феодалдык коомдун, көчмөндүк турмуштун уруучулдук, аймакчылдык сыяктуу айрым таасирлери оогандык Памирдин калкында да бар. Биз жолугуп жүргөн парламент депутаты ажы Турду Акун Улуу Памирдин башчысы эле. Ал кездеги Кичи Памирдин ханымын деп жүргөн Абдурашид хандын тарапташтары ооган бийлигинен аларга да Мишрано Жиргадан бир орун берилишин талап кылышып, кези келе калганда бийликтин эсине салып турушчу. (Кээ бир ооган булактарынын билдиришинче, мындай жоруктан жадаган Кабул кыргыздардын парламенттеги ордун жоюп салган имиш).

 

Ооганстанда кырк жылдан бери согуш болуп жатканда, памирдеги вахандыктардын (вакхилер) көпчүлүгүн принц Ага Хан IV өз фондунун жардамы менен билимдүү кылып койгон. Азыр алар ар кандай жооптуу административдик кызматтарда иштеп жатышат. Ага Хандын фонду памирлик кыргыздарга да гуманитардык жардам көрсөтүп турат.

 

Билимсиз кыргыздардын аймагы акырындап вакхилердин менчигине өтө баштады деп кейиген памирликтер да бар. Себеби кийинки жылдарда Ооган Памириндеги кыргыздарда дагы бир орчундуу маселе чыкты – алар жер-аймак маселеси боюнча өз келечегине кыянат келтире башташты. Айрым кыргыздардын жерлерин Ооган Бадахшанындагы вакхилер (вахандык калктын өзүн аташы) менчигине сатып ала башташты. Бул максатта колдонулган ыкмалардын эң опурталдуусу — памирлик кыргыздарды баңгичиликке азгырып, акырындап көндүрүп, анан көз каранды кылып алгандан кийин апийимсиз чыдай албай калгандарга бир тоголок баңги затты берип, жеринин ээлигине алмашып коёт экен. Кыргыздарга таандык жерлер жыл өткөн сайын акырындап «тарый» баштаптыр.

 

Ооган бийликтери памирлик кыргыздардын бийик тоолуу татаал климатта өлкөнүн чегарасын кайтарууга көмөктөшкөнүн эске алып, ички кыйынчылыктарга карабай алардын аймагына 200 орундук эки башталгыч мектеп ачканга каражат бөлүп берип, өз эне тилинде окута турган мугалимдерди табууну кыргыздардын өзүнө сунуш кылган. Улуу жана Кичи Памирдин калкын тейлөөгө эки тажик доктур чектеп беришкен. Алар мезгил-мезгили менен келип, сыркоологондор болсо боз үйдө кабыл алып, анан кайра кетишет.

 

Жай мезгилинде Памирдеги кыргыздар жашаган аймактарга АКШ, Германия, Италия, Испания, Орусия жана Франциядан экзотиканы жакшы көргөн туристтер келишет.

 

orozbek-moldaliev-pamirlik-kyrgyzdar-tuuraluu 5Памирдеги жергиликтүү элдердин жашоо шарттарын, маданиятын, тилин, тарыхын жана ал жердеги өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүн батыштын, негизинен Американын окумуштуулары барып изилдеп жатышат. Мисалы, Бишкектеги Борбордук Азиядага америкалык университетинин (БААУ) социалдык изилдөөлөр борборунун мурдагы изилдөөчүсү, антропология илимдеринин доктору даражасынын изденүүчүсү Тед Каллахан памирлик кыргыздардын арасында бир жыл жашап, кыргыз тилин жакшы үйрөнүптүр. Аларга экзотикалык туризм тармагындагы бизнести өнүктүрүүнү үйрөтүү проекти менен 2008-жылы июнда Кыргызстанга алты афгандык кыргыздарды алып келип, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын туристтик уюмдарынын ишмердиги менен тааныштырган. Алардын ичинде ажы Турду Акун да келип, биз БААУ уюштурган конференцияда жолукканбыз жана мен аны КР Жогорку Кеңешинин эл аралык мамилелер боюнча комитетинин эки депутаты менен жолугушуусуна көмөктөшкөм. Себеби Бишкектеги мекенчил жаштардын сунушуна «мен турист катары келдим» деп макул болбой коюптур.

 

Биздин 2007-2008-жылдардагы Кабулдагы жана Бишкектеги жолугушууларда Турду Акун жана Памирдин жергиликтүү активи Махамат Райым экөө төмөндөгү суроо-сунуштарын кыргыз тарапка билдирип коюубузду өтүнүшкөн:

 

«Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө кайрылганыбыздын себеби төмөнкүдөй:

 

1. Кыргызстандагы боордошторубуз менен байланыш жасоо көйгөйү биз үчүн эң чоң маселе. Карым-катнашты кеңейтсек, балдарыбызды окууга Кыргыз Республикасына жиберсек, туугандарыбызды таап, катташып алсак деген көп ойлорубуз бар. Бизге катташуунун эң ыңгайлуу жолу – Мургаб жана Ишкашым аркылуу. Ушул маселени Тажик Республикасы менен макулдашып, бизге виза алууга жеңилдик берүүнү караштырып берсеңиздер.

 

2. Памирдик кыргыздардын адистерин даярдоого көмөктөшүп, биздин улан-кыздарды Кыргызстанда бекер окутууну чечсеңиздер. Себеби, саламаттык сактоо тармагында адистердин жоктугунан жаш балдардын өлүмү жана аялдардын төрөттөн кийин каза болуусу өтө көп болуп, бизде ургаачылардын саны кескин азайып кетип бара жатат. Минтип отурса, памирлик кыргыздар үчүн тукум курут болу коркунучу пайда болот деп чочулайбыз.

 

3. Биз үчүн дагы бир маанилүү маселе – мал чарбасынын продукциясын пайдалануу болуп эсептелет. Бизде жылына 1 миң тери, 20 тоннадай жүн, кой-эчкинин, топоздун сүтүнүн сары майын, курутун, топоздун жүнүн даярдап, жөнөтүп турушка мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Бирок бул иштер менен аракеттенгенге шартыбыз жок болуп турат. Эгер кыргызстандык ишкерлер колдоого алса, биздин элдин турмушу оңолушуна кыйла жеңилдик болор эле.

 

Ушул маселелерди талкуулоо үчүн сиздер ылайык көргөн убакытта Бишкекке барууга биз даярбыз деди депутат ажы Турду Акун».

 

Алардын катын убагында кыргыз бийлиги тарапка бергенбиз.

 

Каттан да баамдагандырсыздар, памирлик кыргыздардын өкүлдөрү Кыргызстанга биротоло көчүп келүү маселесин козгошкон жок. Ооган бийлиги бул маселеге бир беткей эле каршы болушу да мүмкүн, анын себептери бар.

 

Жакшы жери, кыргызстандыктар памирлик боордоштордун тагдырына кайдигерлик кылган жок, жыл сайын гуманитардык жардам жеткирилип, эми алардын жаштарын Кыргызстандан окутуу маселеси чечиле баштады. Мындай учурларда кезиге бере турган чала ойлонулган сунуштар да жок эмес. Айрымдар аларды дароо эле Кыргызстанга көчүрүп келе калалы дешти. Бирок бул кыйла татаал маселе. Памирдеги жана башка өлкөлөрдөгү кыргыздардын Кыргызстанга көчүп кетели деген ой-максаттары жакшылап изилдениши керек.

 

Биринчиден, ооган кыргыздарынын баарында эле Кыргызстанга көчүп келүү ниети барбы, туулуп-өскөн жерин биротоле таштоого алар макулбу? Бул, албетте, талаштуу суроо жана калган маселелер ошого жараша чечилет. Ушул жерде памирлик кыргыздардын менталитети боюнча көңүл бура турган дагы бир маселе бар. Ооганстандагы 1978-жылдагы Саур ынкылабынан жана кийинки жылы Советтер Союзунун чектелген аскердик контингенти Ооганстанга киргенден кийин памирлик кыргыздар Гильгитке (Пакистан) качып, аларды жайгаштыруу маселеси Батыштын ири өлкөлөрү жана БУУнун катышуусунда чечилип жатканда, кыргыздардын бир тобу «өлсөк да өз туулган жерибизде өлөлү» деп, Рахманкул хандан тымызын бөлүнүп, кайра асман тиреген тоолоруна качып кетишкенин эсиңиздерге сала кетели.

 

Экинчиден, эгерде баары жер которолу деп чечсе, памирлик кыргыздар Ооган мамлекетинин жарандары жана бул маселени эки өлкөнүн өкмөттөрү, эл аралык миграция уюмдарынын кеп-кеңештери жана каржылык колдоолору аркылуу чечүү керек. Бул да татаал маселе, себеби, ооган кыргыздарын паспорттоштуруу маселеси чечиле элек.

 

orozbek-moldaliev-pamirlik-kyrgyzdar-tuuraluu 6Үчүнчүдөн, Кыргызстанда жер аянттары менчикке бөлүнүп кеткен шартта кайрылмандарды жайгаштыруу маселесин кыргыз бийлиги чече алабы? Алар кыргыз тарап сунуш кылган аймактарда жашоого макул болобу? Же Бишкектин тегерегинде дагы жаңы конуштардын пайда болушун шарттайбызбы?

 

Төртүнчүдөн, биздин мамлекет кайрылмандарды турак-жай, жөлөк пул, пенсия менен камсыз кылууга каражат таба алабы? Аларды жумуш менен камсыз кылуу, ишке орноштуруу маселеси да келип чыгат.

 

Биздин оюбузча, памирлик кыргыздарды ата-бабалардан мураска калган жылуу ордунан козгобой эле, ошол булуттар түнөгөн, кыргыздан башка эч бир эл жашай албаган ыйык, бийик жерлерде жашоосуна жардам берсек, бул максатка ылайык болот эле. Мунун символикалык, геосаясый жана илимий-практикалык да көп мааниси бар. Айрымдарын атай кетели: бийик тоо медицинасы кош маани-максаттуу багыттагы илим, ал аскердик жана космостук медицина менен тыгыз байланышта.

 

Геосаясый жактан Улуу жана Кичүү Памир Ооганистандын Пакистан, Кытай, Индия – үч ядролук держава жана Тажикстан аркылуу Борбордук Азия менен чектешкен геостратегиялык зор маанилүү түйүнүндө жайгашкан. Ал аймактагы Кашмир маселеси жетимиш жылдан бери чечилбей турат; бүгүн Бээжин Ооган Памирине көңүл буруп, атактуу Вахан коридору аркылуу жол салууга эл аралык көмөкчүлөрдү караштырууда. Америкалыктар да Памирде изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканын жогоруда белгиледик. Керек боло калса атайын багыттагы батальон келип жайгашып калышы мүмкүн.

 

Чет өлкөлөрдөгү биздин мекендештерибиз жашап жатышкан аймактардын дээрлик баардыгында этностор аралык чыңалуулар өсүп, диний экстремизм, баңги заттарды көмүскө ташуу, соодалоо сыяктуу коопсуздуктун коркунучтары орун алган.

 

Кыргыз диаспоралары балдарын эне тилинде окутууга, жергиликтүү кадрларды, биринчи иретте мугалимдерди, дарыгерлерди даярдоодо; окуу куралдары, окутуу-методикалык колдонмолор, көркөм адабияттар менен камсыз кылууга биздин мамлекет тарабынан колдоого муктаж. Алардын саясый-социалдык көйгөйлөрү терең, толук изилдөөлөрдү талап кылат; аларды талдап, бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүлүшү керек. Биз биринчи кезекте Памирдеги кыргыз жаштарынан алгач мугалимдерди, дарыгерлерди даярдап, элдин калган муктаждыктарын да чечкенге жардам беришибиз керек. Расмий Кабул да бул демилгебизди колдойт эле..

 

КМШ өлкөлөрүнүн айрымдары чет өлкөлөрдөгү диаспоралары менен эки тараптуу байланыштар боюнча жакшы натыйжага жетишишти, алардын тажрыйбаларын да колдонушубуз керек.

 

Редакциядан: Урматтуу Орозбек Абдысаламович, Сиздин бул демилгеңизди биз да толук колдойбуз жана жакынкы аралыктарда памирлик кыргыздардын тагдыры туурасында коомдук талкуу уюштуруу ниетибиз бар. О.э. расмий бийлик өкүлдөрү да Сиздин демилгеңиз менен коомдук талкууга коюлган бул маселеден сыртта калбайт деген ишенимдебиз. Арийне, памирлик кыргыздардын маселелери менен жакындан тааныштыгы бар башка авторлорду да ушул теманын тегерегинде ой калчоого чакырабыз. Ошону менен бирге «РухЭш» сайтынын алдындагы интеллектуалдар альянсынан куралган «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөлөрүнүн да үн катканын каалайбыз...

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены