Нарындык мугалим А.Буудайчиев Тоолуу Бадахшанда иштеп келген

Нарындык мугалим А.Буудайчиев Тоолуу Бадахшанда иштеп келген

Нарын районунун Миң-Булак айылынын тургуну Асанкул Буудайчиев 28 жылдан бери кыргыз тили жана адабияты сабагынан окуучуларга сабак берүүдө. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

 

Анын айтымында, 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктаган. 1988-1990-жылга чейин Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб районунда мугалим болуп иштеген.

 

«1991-жылдан бери өзүм окуган Актан Тыныбек атындагы орто мектебинде иштейм. Мугалимдин негизги милдети коомго татыктуу инсанды тарбиялап чыгаруу. Ал үчүн чыдамкайлык менен иштеп, балдардын ички дүйнөсүн терең өздөштүрүү керек. Naryndyk mugalim Murgab 3 3Ошондо гана максатыңдын өтөөсүнө чыгасың. Окуучуларым ар түрдүү кесип ээлери болуп өз ордуларын таап жатышат. Алар менен ар дайым сыймыктанам», - деди ал.

 

Мектепте директордун тарбиялык иштери боюнча орун басары кызматын да аркалаган. Райондук кеңештин депутаты болуп шайланган.Бош убактысында ыр жазуу менен алектенет. «Жан дүйнө», «Шамал учурган жылдар» аттуу ырлар жыйнагы чыккан.

 

Бул жылдар ичинде Асанкул Буудайчиев «Билим берүүнүн мыктысы», «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгилери менен сыйланган. Кыргызстан журналисттер кошунун мүчөсү. Жубайы Орозгүл Осумбекова да мугалим болуп иштейт. Экөө 1 кыз 2 уулду тарбиялап өстүргөн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Naryndyk mugalim Murgab 2 Naryndyk mugalim Murgab 6
Naryndyk mugalim Murgab 4 4 Naryndyk mugalim Murgab 5 5

Комментарий

Мурзахматова

Мурзахматова

Четверг, 26 Января 2017 20:06

Асанкул Буудайчиеев жезде и Орозгул эжебиз эн сонун мугалимдер эле алар окуу жайын бутуруп биздин суйуктуу Мургаб районуна туз эле биздин уйго келишкен, биз аларды Макаренко мектебине кирет деп кутсок аларды Кара-колго которуп койгон,мен Асанкул жезде менен Орозгул эжемдин ушундай Ардак граматалары жана башка Эмгек ордендери менен сыйланышына ишенет элем.Асанкул жезде жана Орозгул эже мен силер менен сыймыктанам.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены