Мургаб ыргактары: тил жана биз

Мургаб ыргактары: тил жана биз

Tажикстандагы Мургаб кыргыздары өз тилин колдонууда кыйынчылыкка туш келди. Алардын укуктары мыйзам тарабынан корголгону менен, расмий тажик тилин жеткиликтүү билбегендиктин жана жергиликтүү бийликтен чечкиндүү колдоонун жоктугунан чайналышууда.

1

Сүрөттө: Тажик армиясынын аскери Лениндин эстелиги турган көчө менен өтүп баратат, Мургаб шаары. Арткы планда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун портрети, оң жагында тажикче «Биримдик – акылман иштердин натыйжасы» деп жазылып турат.

2

Сүрөттө: Мургабдык тартип коргоочулар. Мургаб районундагы полициянын курамында кыргыз өкүлдөрү жокко эсе.

3

Сүрөттө: Кишилер тажик тилиндеги формулярды толтуруп жатышат. 2009-жылы кабыл алынган тил мыйзамынын жаңы варианты боюнча, Тажикстанда бардык мамлекеттик кызматкерлер тажик тилинде отчет берүүгө милдеттүү. Бул талапты аткарбагандарга ири өлчөмдө айып каралган. Мамлекеттик кагаздар тажик жана жергиликтүү тилдеринде жазылышы керек. Бирок бул кеңседе формулярлар бир гана тажик тилинде болуп чыкты.

4

Сүрөттө: Мургабдын тургуну жергиликтүү өкмөттүк кеңсеге кирип келатат. Эшиктин айнегинде жазуулар орус жана тажик тилинде жазылган. Мургабда 1998-жылга чейин бардык жазуулар кыргызча болгон. Aзыр андай жазуулар шаарда дээрлик жок калган.

5

Сүрөттө: Ыраң-Көл айылынын кичинекей тургуну үйүнүн алдында турат. Ыраң-Көлдүн эли жалаң мал менен жан багат. Алар мал жайган жайлоолордун 70 пайызын Кытайга берүүнү караган талаштуу мыйзамды тажик парламенти быйыл 2013-жылы жактырды.

6

Сүрөттө: Ыраң-Көлдөн Кытай тараптагы Муздак-Ата чокусунун көрүнүшү (7546 м)

7

Сүрөттө: Мургаб шаарынын чыгышындагы бургулоочулар турагындагы кытайлык жумушчу. Мургабда дагы казак фирмасы коло казып жатат. Тажикстандан чыккан атактуу рубин асыл ташы бир гана ушул Мургабдан өндүрүлөт, бул кендерден кирешенин канча үлүшү жергиликтүү бюджетке бөлүнөт болду экен?

8

Сүрөттө: Мургаб шаарынын чыгышындагы кытайлар иштеткен бургулоочулар турагы. Туракка кыргыздар боз үйлөрүн ижарага беришкен. Бургулоочулар эки кыргызды ишке алып, алар жер алдында 10-15 сааттан жумушка чыдабай кетип калганын айтышты. Мургабчылар өздөрү да муну тастыкташат.

9

Сүрөттө: Мургабдык малчы. Артында Кытай менен чек аранын тосмолору. Мургабчылар жалаң мал менен жан сакташат. Кытай менен чек арада «Көлмө» өткөөлү ачылгандан бери соода жандана баштады. Бирок мургабдыктар мал өнүмдөрүн Кытайга же Кыргызстанга алып чыга албай, эки жылдан бери алыскы Хорогдо жана Дүйшөмбүдө арзан сатууга мажбур болуп жатышат.

9 1

Сүрөттө: Памирилердин топусун кийген Мургабдын тургуну. Памирилер Тоолуу Бадахшан автономиялык облусунун Мургабдан сырткаркы аймактарында жашашат. Алар Мургабга Памир жолу курулгандан кийин келе башташкан. Тажик бийликтери памирилерге «жикчилдер» деген шектенүү менен карайт.

9 2

Сүрөттө: Мургаб шаарынын сыртындагы тоонун бетинде исмаилердин ханзаадасы Ага Ханды куттуктаган сөздөр таш менен жазылган. Памир элдерине кирген исмаилерге Ага Хандын өнүктүрүү кору берешен колдоо көрсөтүп келет. Памирилер 7-8 тилде сүйлөшөт. Кыргыздардан айырмаланып, өз мектептери жок.

9 3

Сүрөттө: Медициналык кызматкер айылдык оорукананын алдында турат, Токтомуш айылы, Мургаб району. Акыркы жылдары Мургабдагы аталыштар, жарнамалар тажикче жазыла баштады, бирок Токтомуш айылында жазуулар эки тилде жазылат. Активисттер район жетекчилиги далалаттанса, бардык жазууларды эки тилде сактап калууга болот эле дешет.

9 4

Сүрөттө: Өкмөттүк кеңседен көрүнүш, Мургаб шаары. Арткы дубалдагы «Баатырлар» деген тактада Мургабдан бир да кишинин ысмы жок.

9 5

Сүрөттө: Мургабда жашаган памирилер менен тажиктер арасында кыргыз тилинде сүйлөгөндөр аз эмес.

9 6

Сүрөттө: Салык бөлүмүнүн башчысы Акматбек Атабаев өз кабинетинде. Атабаев Мургабдагы мамлекеттик кызматкерлер арасындагы аз сандагы кыргыздардын бири. Тажик тилинде отчет жазуу милдеттендирилгенден кийин райондо кыргыздардын мамлекеттерде иштөө мүмкүнчүлүгү дагы чектелди.

9 7

Сүрөттө: Мургабдын борбордук базары. Шаар боюнча аз гана жерде кыргыз тилинде жазуулар бар. Алардын бири ушул «Сары-Кол» базарынын аталышы. Кинотеатр, ресторан болбогон шаарда ушул базарда гана вагондордун биринде кафе бар.

9 8

Сүрөттө: Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы достукка арналган мемориал. Мемориалда Кыргызстандын герби түшүп калган. Тажик бийликтеринин мургаб кыргыздарына көңүлү түз болгону менен, тажик армиясынын айрым зордукчул аракеттери катталган, ошондой эле тажик улутчулдары кыргызча аталыштарды өчүрүп салган учурлар болгон.

9 9

Сүрөттө: Мургаб шаарындагы борбордук мечит, арткы жагында (солдо) жаңы үч кабаттуу мектеп. Мургабда жаңы түшкөн саналуу имараттардын бири ушул мечит жана президент Эмомали Рахмонов өзү салдырды делген «Манас» атындагы кыргыз мектеби.

9 10

Сүрөттө: Кишилер Ыраң-Көл айылынын көчөсүндө эски машинаны түртүп баратышат. Экономикалык оор абалда, энергетикалык кризистин кучагында калган, кийинки кездери тил маселесинен чайналган мургабдык кыргыздар тарыхый мекенинeн колдоо жок, өз арбайын өздөрү согушууда.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены