Мургаб: "Дени сак жана бактылуу бала"

Мургаб: "Дени сак жана бактылуу бала"

2014 жылдан бери жердешибиз Мургаб районубуздун тургуну Нишангүл (Ники) Таджибаева, мүмкүнчүлүгү чектелген, ата- энеси жок балдарга жана жалпы Мургаб жамааттарына Америка Кошмо Штатынан келген Уильям Артур мырзанын жана анын волонтёр кесиптештери Монгол, Мексика жана Мургаб райондук докторлор менен бирге котормочу жана уюштуруучу болуп көптөгөн медициналык жардамдарды көрсөтүүдө.

 

Үстүбүздөгү жылдын 4 майында Нишангүл официялдуу түрдө коомдук мекеме уюуштуруп  "Дени сак жана бактылуу бала" деп аталды.

 

2017 жылдын 8 июлундагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн райондук өкмөт тарабынан уюшулган салтанатка Нишангүл өзү катышып, 200 адамга баалуу белектерди жана иммунитеттерди жогорулата турган витамин даарыларды тапшырды.

 

murgab-deni-sak-zhana-baktyluu-bala 2 murgab-deni-sak-zhana-baktyluu-bala 3
Уильям Артур мырза, өкмөт айым Раджабова Хусниябону, Нишангүл Таджибаева жана Ражаббай майыптарга арналган салтанаттан кийин Мүмкүнчүлүгү чектелген Мургаб районунун тургундарына белек тапшырылып жаткан учур

 

Өзүнүн официалсыз ишинде жердешибиз көптөгөн оорулуу балдарды Ош, Душанбе шаарларына жана Германия, Австрия мамлекеттерине алып барып дарылатып келген. Азыркы учурда Мургаб районунан эки оорулуу кызды Австрия мамлекетине алып барып операция жасатып келүүнүн үстүндө даярданып жатат.

 

murgab-deni-sak-zhana-baktyluu-bala 4 murgab-deni-sak-zhana-baktyluu-bala 5
Аличор айылы: Доктор Абдилатов Асадбек, Казиева Зиядагүл, Айтманбекова Палмира жана Нишангүл Тажжибаева даарыларды бөлүштүрүп жаткан убагы Кара-Көл айылындагы медицина жардамы аяктап эл менен коштошуп жаткан убак

Комментарий

Daniel 97

Пятница, 01 Сентября 2017 15:02

БОлсуН болсун !!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены