Марбет эженин күүсү

Марбет эженин күүсү

Оштон Мургабга бараткан жолдо Бишкектен келаткан комузчу менен таанышып калдым.

 

Айдоочу чек арада биздин паспортторубузду алып кеткен эле. Ага шерик болуп отурган орто жаштардагы бою пасыраак кишинин алдында комуз бар болчу, көрсө Мургабдын Ыраң-көл айлындагы шайырлар тобунун өкүлү Курбанбай Раимжанов Бишкекте чоң комузчу Нурак Абдрахмановдун семинарынан кайтып келаткан экен.

- Бишкекте Нурак Абдрахмановдун Эн белгиси менен комуз үйрөткөн семинарга барганбыз. Мен өзүм комузду тагаман угуп эле үйрөнгөм. Эн белгиси менен үйрөнгөн жеңил экен.

 

 

Ыраң-Көл айлыбыздагы комузчулар ансамбли менен үйрөнү жатабыз, кийин Бишкекте чоң концерт болот экен, ошого катышабыз, - деди комузчу.

 

Marbet kuusu. 2Курбанбай "Мицубисинин" алдыңкы орундугунда отурган бойдон, комузун алып чыгып, мургабдык Марбет эже деген күүчүнүн комузун ойноп берди. Тарыхый мекенинен алыс калган сары-колдуктардын улуттук чыгармачылыгы менен ошентип, асман тиреген бийик тоонун кырында таанышып отурдук: -

 

Бул күүнү сары-колдук Марбет эже деген черткен экен. Анын окуясы мындай болгон экен: Кудайберген бай ажы деген өткөн бизде. Ошол бай ажы той берип, өзүнүн Чай сары дейт, тарыхта Миң дилде деп да жүрүшөт, Кашкардан келген Таш-көк деген күлүк менен жарышып, Кудайберген бай ажынын күлүгү озуп келет экен, ошол эки тулпардын жарышканын черткен күү.

 

Ал арада Мамасали кайтып келип, тажик чек арасын көздөй жөнөдүк. Курбанбайды кийин Мургабда Ат-чабыш фестивалындагы концертте көрдүм. Курбанбай менен айдоочу Мамасали Сатаров экөө Мургабдан 70 чакырымдай аралыктагы, Кытай менен чек арада, мурда советтик аскерлер турган, азыр Тажисктандын заставасы бар Ыраң-Көл айлынан экендигин, Мургабдагы ар кандай шаан-шөкөт аларсыз өтпөй турганын билдим.

 

Марбет эженин күүсү:

 

 

 

Марбет эже качан жашап өткөн? Ал күүнү өзү чыгарганбы? Мургабчы кыргыздардын комуз репертуары ала-тоолуктардын репертуарынан канчалык айырмаланат? Бул ирет мени кызыктырган мындай суроолорго жооп ала алган жокмун.

 

Ыраң-Көлгө барганда Курбанбайдын шакирттеринин бирин көрдүм (эң жогорку сүрөттө), бирок шашпай отуруп сүйлөшүүгө мүмкүндүк болгон жок. Марбек эже да бир кездери ушул кыздай сулуу, татынакай жан болсо керек деп элестеттим.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены