Кытайдагы этникалык кыргыздардын турмушу (видео)

Кытайдагы этникалык кыргыздардын турмушу (видео)

Кытайлык кыргыздар завод-фабрикаларда иштөөдө. Кытай өкмөтү ишкерлерге аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жумушка алууну милдеттендирген.

 

Андыктан тоодо мал баккан, айылда дыйканчылык кылган кыргыздарга жеке ишкерлер жумуш берип, өкмөт белгилеп көрсөткөн эмгек акысын берет.

 

Сыдык Мааттын тоодо мал-жаны, сарайы бар. Бирок чарбачылыктан пайда аз түшүп жаткандыктан, өкмөттүн чакыруусу менен килем токуган заводго жумушчу болуп кирди.

 

Kytai Kg turmushu 1Айына сом менен эсептегенде 10 миңден ашык алат. Бул - өкмөттүн тапшыруусу менен жеке ишкердин жөлөк пул катары төлөгөн акчасы. Мындан тышкары айлыгы жана аткарган планына жараша сыйлык кошулат.

 

Сыдык Мааттын жубайы да ушул килем заводдо иштейт. Алардын 3 баласы бар. Эки кызы район борборундагы мектептерде окуса, уулу Гуанжодогу жогорку окуу жайдан билим алууда. Эскерте кетсек. Гуанжодогу университеттерге тапшырып, окуп кетүү кыйын. Бирок кытайлык кыргыздардын арасынан бул шаарда билим алгандар көбөйүүдө.

 

Бул заводдо 40 киши иштесе, алардын көбү эле кыргыздар. Алардын айрымдары ишкерликтин сырын өздөштүрүп, цех ачууну мерчемдегендери да бар.

 

Мындай чоң заводдорго эле эмес, чакан цехтерге дагы аз камсыз бүлөлөрдү иш менен камсыз кылуу милдети жүктөлгөн. Бул жерде килем колго токулат. Муну кыргыз айымдары илгиртпей аткарууда. Анткени ата-бабалар токуган ыкма менен жасалат экен.

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены