Кыргызстанга памирлик кыргыздардын экинчи тобу келет (видео)

Кыргызстанга памирлик кыргыздардын экинчи тобу келет (видео)

Афганистан Ислам Республикасынан дагы памирлик кыргыздар келет. Бул тууралуу кечээ, 24-октябрда этникалык кыргыздарды Куланак айылындагы кесиптик лицейге жайгаштыруу учурунда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, Нарын облусуна келе турган памирлик кыргыздардын саны 44 адам болгон.

 

«Биздин делегация менен 44 адам келиши керек эле, бирок кээ бирөөлөрүнүн документтери бүтпөй калып, келе албай калышты. Учурда алардын документтерин бүткөрүү иштери Афганистанда жүрүп жатат. Алар учак менен келишет. Мындан тышкары бул жакка келген памирлик кыргыздарды көрүп кетүү үчүн ата-энелери, жакындары да келиши да күтүлүүдө», - деди Ж.Ибраева.

 

 

2017-жылдын 13-октябрында саат 20:30 чамасында этникалык кыргыздар Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарына бир күн түнөгөндөн кийин Нарын шаарына жетишкен. Аларды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар кубануу менен салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

 

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар. 2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены