Этникалык кыргыздардын саны дүйнөдө бир миллиондон ашат

Этникалык кыргыздардын саны дүйнөдө бир миллиондон ашат

Акыркы 25-жылдын ичинде мекенине 50 миң этникалык кыргыз кайтып келген. 

1991-жылден бери карай, тарыхый мекенине 50 миң кыргыз кайтып келишкен, анын ичинен 40 миңи өлкө жарандыгын алган. Бул тууралуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту билдирди.

Аталган институттун мааламыты боюнча, Өзбекстандан 19 мин 446 киши келген, Тажикстандан – 17 мин 736, Орусиядан – 30, Кытайдан – 29, Түркиядан – 1 кыргыз кайтып келген. Расмий маалымат боюнча, 2015-жылы республиканын аймагында 37 мин 242 кайрылман жашап жаткан.

Мигранттардын ири агымы Тажикстандагы жарандык согуш учурунда байкалган, Кыргызстанга 1993-1997 жылдары келген 20 минден ашык этникалык кыргыздар кайрылман макамына ээ болушкан. Бүгүнкү күндө, көпчүлүк кайрылмандар Чүй жана Жалал-Абад аймактарында жашайт.

Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган кыргыздардын расмий саны 636 миң 800 кишиден көп. Алардын ичинен Өзбекстанда 350 миң киши жашайт, Кытайда 200 миң, Тажикстанда 82,3 миң, Түркияда 2,5 миң, Афганистанда 20 миң киши. Тарыхчыларынын айтымына караганда, этникалык кыргыздардын саны бир миллиондон ашат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены