Этникалык кыргыздардын көйгөйүн чагылдырган изилдөө чыкты

Этникалык кыргыздардын көйгөйүн чагылдырган изилдөө чыкты

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту кайрылмандар боюнча изилдөөсүн жарыялап, өлкөгө сырттан келген этникалык кыргыздардын коомго аралашуусу солгун экенин маалымдады. Иликтөө жыйынтыгы көрсөткөндөй, айрым учурларда кайрылмандар өздөрү топ-топ болуп жашап, элге кошулууга каалоосу болбойт. Кээде жергиликтүүлөрдүн аларга кемсинтүү менен жасаган мамилеси да коомдон алыстоого түртөт.

 

Кыргызстанда кайрылмандардын саны 37 миңден ашат. Эки жыл мурун "Этникалык кыргыздардын ассоциациясы" да түзүлгөн.

 

Кайрылмандарга көмөктөшүүгө арналган атайын программа кабыл алынганы менен бюджеттен буга каражат бөлүнбөйт. Алар көбүнчө жумушка орношуу, жер алуу сыяктуу көйгөйлөргө тушугат. (SE\EBM) Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены