Аалы акынга кытайлык кыргыздардын саламы

Аалы акынга кытайлык кыргыздардын саламы

Төкмө акын Аалы Туткучев

 

Кыргызстандык бардык сахна жылдыздары кытайлык кыргыздар үчүн абдан тааныш. Анын ичинде төкмө акындарга болгон урмат да бийик. Буга мисал катары жакында эле кытайлык кыргыздардын "көк жал" интернет сайтында жарык көргөн Абдыманап Бектурсун уулунун кыргыздын таланттуу төкмө акыны Аалыга жазган саламын айтсак болот.

 

- Мен Аалы акындын өзүнө кезиккен эмесмин. Бирок анын айтыш сахнасындагы тасмаларын көргөн сайын талантына өзгөчө таазим кылып келем. Ага деген урматымды, кытайлык кыргыздардын саламын жеткизгим келе берчү. Анан жакында отуруп алып ушул ырымды жаздым.

 

Айсалкын Жунус кызынын аткаруусунда

 

 

 

Төкмөлүк өнөрү кытайлык казактарда кыйла өнүккөн. Бул боюнча атайын окуу куралдары даярдалып, окуу борборлору курулган. Ар жылы акындар айтышы өткөрүлүп, ондогон акындар таймашка түшөт. Мыкты акындардын жеке консерттери өтүп турат. Мындай ийгиликтерге жетиш үчүн кыргыз интеллегенттери да айрым аракеттерди жасап, кыргыздын төкмө акындарынын башын кошкон чогулуштарды уюштурууга аракет жасап келет. Бирок көптөгөн шарттар кемчил.

 

Abdyman bekt uuluТөкмөлүк өнөрүнө кызыккан жаштар үчүн азырынча кыргызстандык акындардын айтыш тасмаларынан бөлөк мектеп жок. Өкүнүчтүүсү Кыргызстанда өткөн акындар айтышынын кабарын көп укканыбыз болбосо, тасмалары бизге жете бербейт.

 

“Кыргызстанга барып төкмөлөрдү ээрчип, таалим алып, тажрыйба топтоп келсем” дегенде Абдыманап мырзанын эки көзү төрт. Анткен менен азырча шарты келишпей турганын айтып улутунат. Абдыманап мырзанын Аалыга жазган саламы интернетте жарык көрүп, көп өтпөй кытайлык жаш термечи Айсалкын Жунус кызы комуздун коштоосунда аткарып чыкты.

 



P.S Автордун жазуу стили сакталды

 

Үрүмчү шаары 13-декабры 2012-жыл

Комментарий

Байышов

Байышов

Воскресенье, 06 Января 2013 06:23

Айсалкынга ийгилик !

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены