5 тилде эркин сүйлөгөн Дөөлатхан 20 жашында 10 мамлекетти кыдырып чыкты (сүрөт)

5 тилде эркин сүйлөгөн Дөөлатхан 20 жашында 10 мамлекетти кыдырып чыкты (сүрөт)

Дөөлатхан Мамараимова Тажикстандын Мургаб айылында жашаган кыргыз кызы. 20 жашында жалпысынан 10 өлкөнү кыдырууга жетишкен. Ал билим алууда аймак же башка кырдаал маанилүү эмес деп эсептейт.

 

«Чет тилдерине 2-классымда эле кызыгуум пайда болгон. 5-класска чейин Ош шаарында окусам, андан соң Мургабдан билим алууну уланттым. Мектепти бүтөөр убакта FLEX программасынан мугалимдер келип, тест алышкан. Сыноодон өткөндөн кийин мектепти бүтүп, 1 жылдык келишим менен Америка Кошмо Штаттарына кеттим. Мени кабыл алган үй-бүлө Кыргызстан тууралуу билбейт экен. Тажикстандык кыргызмын десем, андан бетер баштары айланат.

 

Америкалыктардын мүнөзүнө баа бердим. Кандай гана маселе, кырдаал болбосун күлүп турушат экен. Жылмайып, эски таанышындай учурашат», - деди Дөөлатхан Мамараимова.

 

Европанын Германия, Франция, Чехия, Нидерландия мамлекеттерин өзү саякаттап көрүп келсе, 12 жашында апасы менен чогуу Кытай, Түркия мамлекеттеринде болгон. Көбүнчө программа менен баргандыктан каржылоо маселеси болгон эмес.

 

Дөөлатхан учурда кыргыз, орус, англис, түрк жана немис тилдеринде эркин сүйлөй турганын кошумчалады.

 

«Ушул жылы жайында студенттер эс алганда мен дагы программа издедим. Германияга жаштар арасында белгилүү "Ferienjob" программасы менен барып, иштеп келдим. Барганда эч ким тосуп албагандыктан аэропорттон адашып, башка поездге түшүп алыптырмын. Кеч кирип баратат, мен болсо жетчү жериме чейин дагы төрт каттамдагы поездге түшүшүм керек эле. Немистер дароо абалымды билип, туура жолго салып коюшту. Жетейин дегенде телефонумда байланыш болбой, бейтааныш адамдан телефон сурап, иш берүүчү адам менен байланышкам. Эки аялдама мурда түшүп калыптырмын, автобус да каттабайт экен. Улуу курактагы аялдан жардам сурасам, жашаган жериме чейин жеткирип койду. Ошондо немис элине ыраазы болдум. Бир эле адам бүт улуттун жүзүн көрсөтө турганына ишендим.

 

5-tilde-erkin-s-il-g-n-d-latkhan-20-zhashynda 2 5-tilde-erkin-s-il-g-n-d-latkhan-20-zhashynda 4
5-tilde-erkin-s-il-g-n-d-latkhan-20-zhashynda 3 5-tilde-erkin-s-il-g-n-d-latkhan-20-zhashynda 5

 

Кайра кайтканда Россия аркылуу кетем десем тааныштарым мигранттар каптаган кызыксыз өлкө дешти. Бирок мага Москва шаары өзгөчө жагымдуу сезимди калтырды. Советтер Союзундагы тасмалардагы кадрларды көрө алдым.

 

Европанын элинин маданияттуулугу, көчө, имараттарынын тазалыгы, мыйзамды сыйлаганы эсимде калды. Албетте, өз өлкөң менен салыштырганда ичиң ачышат. Кыргыздар кайдыгер мамиле кылат экенбиз. Жөн гана жолдо жаткан таштандыны алып койсок деле өлкөгө кошкон салым болот», - дейт Дөөлатхан.

 

Ал магистрант катары Европа мамлекеттериндеги окуу жайлардан билим алууну каалайт. Өнүккөн өлкөлөрдүн жакшы тараптарын алып келип, түрдүү долбоорлорду жазуу менен өлкөгө салым кошуу максаты бар экенин кошумчалады.

Комментарий

Sherali

Воскресенье, 14 Октября 2018 08:02

Азаматсын доолатхан аман бол дагы ийгиликтерди багынта бер.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены