Улуттук суусундуктар

Улуттук суусундуктар

Жайкы аптапта көлөкө издеп акактап жүргөн маалда максым, жарма, чалап өңдүү улуттук суусундуктардан суусунуңду кандыра ичип алганга эмне жетсин! Атактуулардын арасында максым менен жарманы ысыкта үзбөй жасап жакындарын кубанткандар бар. Бул ирет максымды көбүртүп-жабыртып катыра жасаган жаш ырчы Анжелика өзүнүн рецептин кожойкелерге сунуштайт. Аны менен катар бул беттен айрым улуттук суусундуктардын рецепттерин таба аласыз.

 

МАКСЫМ (Анжеликанын рецепти менен) – Бул – ачытылган жарма суусундугу. Максым талкандан жасалат. Болгону, анын кайсы дандан жасалышына жараша арпа, буудай, жүгөрү максымы деген түрлөргө бөлүнөт. Максымды эки жол менен да жасоого болот.

 

Керектелүүчү азыктар:

Суу – 4-6 литр,
Талкан – 200-300 грамм,
Көрөңгө – 200-250 грамм,
Тоң май – 1 аш кашык,
Ун – бир аш кашык,
Татымына жараша туз.

 

Максым ачытуунун 1-жолу:

Тоң май кошулуп кайнап жаткан сууга үзгүлтүксүз чубуртуп бөлтөк болбогондой кылып талканды саласыз. 25-30 мүнөт жай отто бир калыпта кайнатып, андан соң отту өчүрүп, табы кайткыча коюп коёсуз. Жылуураак кезинде көрөңгө куюп, унду чаласыз. Максым бөлмө температурасында 8-10 саатта ачып калат. Мезгил-мезгили менен чалып турсаңыз да болот. Ачыганга чейин максымга ак ( сүт, айран, сүзмө) кошуп койсо, көбүрүп жакшы ачыйт. Максымдын түбүндө калган коюусун кийинкиге калтырып туруу керек. Ал көрөңгө болот.

 

Максым ачытуунун 2-жолу:

Тоң майды эритип, ысыган мезгилде ага талканды кууруп, чуурута муздак сууну куюп 20-25 мүнөт кайнатасыз. Калган иш-аракеттин жүрүшү жогоруда айтылгандай эле уланат. Куурулган талкандан жасалган максым даамдуу, ичкиликтүү келээрин эсиңизге сала кетейин. Максым даамдуу болсун десеңиз, алгач унду тоң майга кызарта кууруп алууну унутпаңыз.

 

БОЗО

 

Керектелүүчү азыктар:

Шак – 1 килограмм,
Суу – 10 литр,
Ун – 150-200 грамм,
Угут – 200 грамм.

Бозо – ачкыл ичимдик. Бозо салуу үчүн угут жана таруу, буудай, жүгөрү, арпа, сулу өңдүү дандардын шагы керектелет.

Угут – өндүрүлгөн таруу, буудай, арпа жана башка дандан атайын ыкма менен даярдалуучу ачыткы. Угутту даярдоо үчүн данды баштыкка салып, ага жылуу суудан сээп, ороп, жылуу жерге коёсуз. Дан ак найза болуп өнө баштаганда аны жаргылчакка тартып же сокуга жанчып, андан соң кургатып аласыз.

 

Жасалуу жолу:

Адегенде таруу, жүгөрү, арпа, буудай унун сууга чылап, ачыткыдан куюп бир күн ачытасыз. Андан кийин казандагы кайнаган сууга ачыган шакты салып, бир калыпта жагылган отто 1 сааттан ашык кайнатасыз. Сууган шакка бирдей өлчөмдө угут жана ун кошуп аралаштырып, ачыткысы бар идишке куюп, жылуу ороп, 6-8 саттай коюп коёсуз. Андан кийин кайнатылган жылуу суу кошуп сүзүп алган соң бозо даяр болот. Бозо сакталышына жана салынышына жараша жаш жана кордолгон бозо болуп айырмаланат. Жаш бозонун угут кошулбай жасалган түрү сүзмө максым деп аталат.

 

ЖАРМА

 

Керектелүүчү азыктар:

Суу – 4-5 литр,
Талкан – 200-300 грамм,
Суу май – 1 аш кашык,
Ун – 1 аш кашык
Туз татымына жараша

Жарма – талкандан жасалган суусундук.

Талкан – арпа, буудай же жүгөрүдөн куурулуп, жаргылчакка же тегирменге кесек тарттырылган акшак. Кылкан, улпагынан арылтуу үчүн талкан эленип алынат.

 

Жасалуу жолу:

1 аш кашык унду майга кууруп, суу куясыз. Кайнаарга жакын бөлтөк кылбай талкан салып, бир аз коюу болгончо бир калыпта жагылган отто кайнатып бышырып аласыз. Бышкан жармага ак ( айран, сүзмө, сүт) катыктап, суусундук катары иче берсеңиз болот.

 

ШЕРБЕТ

 

Бул суусундук жаңы мөмө-жемиштерден же кактардан жасалат. Мисалы, жаңы алма, алмурут, өрүк, кара өрүк, чие жана башка жемиштер.

 

Керектелүүчү азыктар:

Кургатылган жемиш – 200-300 грамм,
Кумшекер – 200 грамм,
Суу – 1 литр.
Ваниль
Лимон кабыгы ­

 

Жасалуу жолу:

Кургатылган какты таза жууп аласыз. Мискейге муздак суу куюп, какты салып 15-20 мүнөт жай кайнатып, андан кийин кумшекер, ваниль, лимон кабыгын, табитке жараша жаңы жемиштерден же мейиз кошуп дагы 5-6 мүнөт кайнатасыз. Шербетти муздаткычта эмес, бөлмөдө суутса, даамы жакшы чыгат.

 

* Бозо күчтүү болушу үчүн буудайдын, арпанын, жүгөрүнүн, сулунун унун кошуу менен жасоо ылайык.

* Казанды отко аскан соң ичин тоң май менен тегиз майлап койсоңуз, бозо көбүрө ачыйт.

* Шак түбүнө тартып күйүп кетпеши үчүн түзбөй аралаштырып туруу керек.

* Мүмкүн болсо бозо бышырылган казанды өсүмдүк майы менен майлабоо керек, анткени, сүзүлгөн бозо көпкө сакталбай кычкылданып баш ооруну жаратышы ыктымал.

* Бозону сүзө турган кездеме бышык жана жука болушу керек.