Өрдөк - быжы

Өрдөк - быжы

Кандай азыктар керек?

 

Мөөн, жумур
Картошка: 1 даана
Сабиз: 1 даана
Пияз: 3-4 даана
Бөйрөк май, ич май
Туз, мурч

 

Кантип жасалат?

 

Картошка, пиязды аарчып, кубик формасында майдалап туурайсыз.

 

Бөйрөк май менен ич майды майдалап туурайсыз. Аларды тууралган жашылчаларга кошуп, туз, мурч кошуп аралаштырасыз.

 

Койдун ичегилерин: мөөн менен жумурду жакшылап жууйсуз да, алардын ичине толтуруп фарштан саласыз. Жумур өрдөк, мөөн жумурткалары болот. Жумурга фаршты салганда өзү эле өрдөктүн формасына келип калат. Ал эми мөөнгө фаршты салгандан кийин муун-муун кылып ар кайсы жеринен жип менен байлап коёсуз да, бышканда байланган жерлеринен кесип, жиптерин алып саласыз.

 

Мискейге туз кошулган суу куюп, ага фаршталган ичегилерди салып эки сааттай кайнатасыз. Бул убакыт ичинде 2-3 жолу ар кайсы жерине сайып тешип коюшуңуз зарыл. Антпесе ичиндеги фарштардын суусу чыгып өрдөк жарылып кетет же бышкандан кийин сиз каалагандай формага ээ болбой калышы мүмкүн.

 

Өрдөктүн тумшугун сабизден жасап, ага көк чөптөрдү тиштетип кооздоп койсоңуз болот.